Алар Россиядагы Ислам нурун кантип өчүрүүнү билбей жатышат, ошондуктан, кайра-кайра жалган жалаага таянышууда

310
0

Алар Россиядагы Ислам нурун кантип өчүрүүнү билбей жатышат, ошондуктан, кайра-кайра жалган жалаага таянышууда

2014-жылы 3-апрель күнү Ставрополь крайдык соту Хизб-ут-Тахрир мүчөсү 1988-жылы туулган Абдурахим Ташматовду 17 жылга эркинен ажыратты. Сот Абдурахимге коопсуздук кызматы сунуштаган жалгандар негизинде аны 2013-жылы май айында Ставрополдо террористтик актыны жасоого даярданган деген доомат менен «кылмышкерге» чыгарды.

Түпкүлүгүндө, Абдурахим Ташматов Хизб-ут-Тахрир сабында Ислам үчүн аракет кылган калыс даъватчы болгондуктан 17 жылга эркинен ажыратылды. Мурун да ал экстремизм деген жалган жалаа менен 1 жылга эркинен ажыратылган болчу. Ушуну баса белгилөө зарыл, ошол кезде Абдурахим камакка мөөнөтүн өтөп жатканда анын алдына коопсуздук кызматынын бир офицери келип, Хизб-ут-Тахрирдин мүчөлүгүнөн баш тартпаса, ага каршы жаңы кылмыш иши козголушу менен коркуткан.

Абдурахим камактан чыккан соң, туруктуу күзөтүү астына алынат жана эч канча убакыт өтпөстөн анын үйүнө курал таштап коюлуп, кайра камакка алынат жана террористтик аракетти жасоого даярдануу максатында курал сактаган деген жасалмалаштырылган айып коюлат. Коопсуздук кызматынын офицеринин коркутуусу мына ушундай таризде ишке ашып, ушул калыс даъватчы боордош дагы камакка алынат.

Бүткүл дүйнөгө белгилүү Хизб-ут-Тахрир мүчөсүнө террористтик аракетке даярданган деген айыптын коюлушу наадандык жана акмактык. Бирок, коопсуздук кызматы эч бир акыл жүргүзбөйт, ошону менен бирге, анда Исламга каршы күрөшүү үчүн башка эч кандай ыкма да жок. Бүткүл дүйнө Хизб-ут-Тахрирди сөз менен куралданган саясий хизб катары тааныйт. Бирок, Россия коопсуздук кызматы Хизб мүчөлөрүнө каршы күрөштө терроризмге каршы күрөштү шылтоолоп, Россия кылмыш кодексиндеги эки беренеге негизделип жалган айыптоолорду тиркеп келген жана дагы эле ушундай кылууда. Шек-күмөнсүз, Хизбге каршы мындай ыплас жалган айыптоолор Ислам Үммөтүнө айдан ачык. Бүгүн бул нерсе коопсуздук кызматы көздөгөн максаттын терс натыйжасын берип, Хизбдин мусулмандар арасындагы кубаты дагы да бекемделишине кызмат кылды. Мусулмандар чыныгы абалды өз көздөрү менен көрүшүүдө. О.э. бул нерсе мусулмандарды жаркын пикирлөө жана табигый сезүү жагынан өстүрүп, аларды адилетти издей турган кылып койду.

Россия бийлиги мусулмандарга каршы мындай жалган айыптоолорду коюу менен идеологиялык жактан кудуретсиз экенин моюнга алышууда. Алар Ислам нурун кантип өчүрүүнү билбей жатышат, ошондуктан, кайра-кайра жалганга таянышууда.

Исламдын кеңири жайылышын жана пикирлери адамдарга таасир кылышын токтотууга урунуп жаткан кимселерге ушуларды айтабыз:

Биз, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү, акыйкатка жетүүбүздө куралга муктаж эмеспиз. Биз Расулуллах A менен ал заттын сахабалары баскан жолдо бара жатабыз. Арийне, алар колдоруна бир куралды, ал да болсо, «Ла илаха иллаллох» куралын көтөрүп чыгышкан. Буга кошумча, акыйкаттын улуулугу жана жеңиши Аллах Субханаху ва Тааланын убадасы болуп, Өзүнүн уруксаты менен, албетте жүзөгө чыгат. Биз болсо сыналып жатабыз, Аллах бизди Исламга кудум Расулуллах A жана сахабалары даъват кылгандай даъват кылып, жеткиргендей жеткирип жатабызбы, жокпу, сыноодо! Силер кафирлер Исламга каршы күрөшүңөрдө эч бир жаңы нерсени ойлоп таба албайсыңар. Бизге каршы өлтүрүү да, камак да, басым да таптакыр силерди бирер натыйжага алып барбайт. Аллах Таала бабаларыңар болгон Курайш кафирлерин ошончо аракеттери артынан кор кылгандай, силерди да Өз каалосу жана убадасы менен албетте кор кылат. Аллах Таала мындай дейт:

«Жакында мындай кылмышкерлерге кылып өткөн айла-амалдары себептүү Аллах алдында кордук жана катуу азап жетет»                                                                                 [6:124]

Аллахтын убадасына баш ийишкени себептүү камакка алынган мусулмандарга келсек, алар кылым каармандары. Алардын амалдары – Аллахтын уруксаты менен – тарыхта жазылып калат. Аллах аларга кайрат беришин, дилдерине кадыржамдык жана сабыр берип, көп эсе ажыр-сооптор беришин сурайбыз, амин! Аллах Таала аларды амалдары үчүн азим сооп менен сыйлоону убада кылды:

«Кимде-ким (өз байъатын) бузса, ал бир гана өз зыянына бузат жана ким Аллах менен убада-шерт кылган нерсесине бапаа кылса, анда (Аллах) ага улуу ажр-сыйлык берет»         [48:10]

Эми, кожоюндарынын буйруктарына ылайык мусулмандарды кыйноого салып жаткан жана репрессия кылып жаткан кимселерге келсек, алар Курайш чоңдорунун кулдарынан айырмаланбайт. Себеби, ошол кулдар да кожоюндарынын буйруктарына ылайык мусулмандарды кыйноого салышкан жана өлтүрүшкөн. Бирок, кудуреттүү жана жаббар Аллах Субханаху ва Таала ошол кылмышкерлердин баарынан өч алды, чынчыл момундарга нусрат убада кылды. Аллах Таала мындай дейт:

«Кийин Биз кылмыш кылган кимселерден өч алганбыз жана ыйман келтирген заттарды үстөм кылуу Биздин мойнубуздагы акыйкат болгон»                                                   [30:47]

Хизб-ут-Тахрирдин

Россиядагы басма сөз бөлүмү

Хизб-ут-Тахрирдин Россиядагы басма сөз бөлүмү: www.hizb-russia.info

Электрондук почта: mediaoffice.htr@gmail.com

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here