Россия президенти Владимир Путин мамлекеттик телевидение аркылуу өткөргөн түз эфирдеги маекте Кремлдин Украина чыгышындагы тополоӊдорго тиешеси бар экендигин четке какты. Ал жарандардын суроосуна жооп берип жатып: “Украина чыгышында болуп жаткан окуяларда Москванын колу бар деген сөз бул былжыраган сөздөр”, – деди. О.э. Путин Украина чыгышында орус кошуундары бар экендигин да четке какты. Анын айтымында, Украина чыгышында жүз берип жаткан иштер элдик ынкылап болуп эсептелет.
Ошол эле убакта алынган кабарларга ылайык, Украина чыгышындагы Словянск шаарында куралданган адамдар Россия байрактарын көтөрүп, брондуу машиналарда көчөлөрдү аралап жүргөнү айтылууда. Украина армиясы болсо аларды экстримисттер жана сепиратисттер деген көз карашта аларга каршы антитеррордук операция жүргүзүп жатат. Украинанын убактылуу өкмөтү чыгыш аймактарга аскерлерди жөнөттү. Донецк асманында бомбалоочу самолёттор учуп жатат. Краматорск шаарынын жанындагы аскерий база узакка созулган атышуудан кийин орусчул козголоӊчулардан тартып алынды.
Ушул апта Россия, Украина жана Батыш мамлекеттери катышуусунда Женевада сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландаштырылган. Бирок, Россия делегаттарынын дааба кылышынча, Украина чыгышында граждандык согуш башталып жатат. Мунун алдын албаган соӊ сүйлөшүүлөрдөн пайда жок.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров: “Өз элине каршы танктарды жиберип, ошол эле убакта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү логикага жатпайт”, “Эгерде демонстранттарга каршы күч колдонулса, анда Москва сүйлөшүүлөргө катышпайт”, – деди.
Туркистон:
Украина АКШ, Россия жана Евро биримдик ортосунда бүтпөс-түгөнбөс жаӊжалдар аймагы болуп калышы жөнүндө айтып өткөн элек. Бирок, Путин Обама менен бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин, ар кандай абалда да аскерий күчтү колдонбостукка убада берген. 17-апрелде түз эфирден эл менен өткөргөн теледебатында да ушул маселени ачыктап, Украина аймагына аскерий аралашуу планы жоктугун бир нече жолу кайталады.
Бирок, чыгыш Украинада Россиянын улуттук тарыхий менталитети менен биригип кеткен, сакафий таасири өтө күчтүү. Россиянын позициясынан белгилүү болгондой, бул региондорго аскерий жактан аралашпастыкка Путин Обамага убада берген. Т.а. бул регион Крымдын акысына АКШга тартуу кылынган эле. Бирок, бул убада башка тараптан (т.а. сакафий, диний, саясий жана экономикалык) таасир өткөрүүгө тыюу салбайт. Батыштын өзү да Путин айтып өткөндөй, кудум ушундай ыкма менен иштейт. Ирак, Афганистанды басып алышында, Суданды экиге бөлүүдө, Югославияны бөлүп жиберүүдө, акыркылардан чыгыш Украинанын жасалма ынкылаптык аракеттеринде да кудум ушул фитнакечтик ыкмасынан пайдаланып келет.
Обаманын акыркы коркутуучу көрүнүштө, орой эскертиши, Россиянын эл аралык позициясы төмөндөп кеткендигине далалат кылат. Анткени, жогорудагы колония кылуу ыкмалары чоӊ мамлекеттерге таандык болуп келген. Бул үчүн алар бири-бирине ачык басым өткөрүүдөн этият болушкан. Себеби, бул ыкмалар алардын ар бири үчүн татыктуу деп кудум жашыруун келишим бар сыяктуу болчу. Путин акыркы убактарда ушул нерсени т.а. эки түрдүү стандарттар бар болуп, АКШ кылып жаткан иштер Россия үчүн тыюу салынып жатканына арыздангандай көрүнүштө көптөгөн билдирүүлөрдү берип келди. Жана акырында Ангела Меркелдин “Россия өз ордун билбей калды” деген маанидеги сөзү дүйнөлүк коомчулук тарабынан сүкүт сактоо менен кабыл алынды. Бул болсо ыраазылыктын белгиси болчу.