АКШ ТЕРРОРИЗМГЕ (ИСЛАМГА) КАРШЫ 5 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР БӨЛДҮ

360
0

АКШ президенти Барак Обама “Террорго каршы биргеликте күрөшүү фонду”на 5 миллиард доллар бөлүү токтомун жарыя кылды. Обама бул акчалар терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү үчүн бел байлаган мамлекеттерге берилиши көздөлгөнүн билдирди.

Афганистандагы АКШ аскерлери жылдын аягында чыгарылышын айтып өткөн Обама бул каражат башка өлкөлөрдө пайда боло баштаган террордун күчөшү (Исламдын барган сайын өнүгүп барышы) коркунучуна каршы жжумшала тургандыгын маалымдады. Обаманын айтымында, “чечүүчү” 2014-жылдан кийин АКШ тышкы саясатында жаңы доор башталууда. Ошондой болгон соӊ, күндөн-күнгө өнүгүп бара жаткан террор (Ислам) коркунучуна көбүрөөк каражат бөлүү зарыл.

Обама 28-май күнү Нью-Йорктогу Вест Пойнт аскер академиясында сүйлөгөн сөзүндө: “Конгрести террорго каршы биргеликте күрөшүү 5 миллиард долларлык фондун колдоого алууга чакырамын. Бул фонд аркылуу биринчи сапта турган союздаш өлкөлөрдө машыгууларды өткөрүү жана аларды күчөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот”, – деди.

АКШ жетекчиси “Террорго каршы биргеликте күрөшүү фонду”на бөлүнгөн 5 миллиард доллар каражаттан Сириянын кошуналары Иордания, Ливан, Түркия жана Иракты колдоп-кубаттоо үчүн да жумшала тургандыгын билдирди.

Туркистон:

Эл аралык саясат демократияны чүмбөт кылган капиталисттик түзүм негизине курулган. Бирок, ошол демократиялык негиздин өзү да турмушту башкарууга жараксыз экендигине күбө болушкандан кийин, куфр дүйнөсү ар түрдүү айла-амалдарды ойлоп табуу үстүндө иштей турган гиганттык институттарды куруп, ошол багыттарга олуттуу көӊүл бура башташты.

Жогорудагы Обама тарабынан Исламга каршы сунушталып жаткан 5 миллиард акча жаңы ыкма эмес. Бул өз малайларын туруктуу байланышта кармап туруу үчүн жем таштоо ыкмасы болуп, ондогон жылдардан бери колдонулуп келет. Кудум ушул сыяктуу жем таштоолорго кызыгуу болушу үчүн, өтө көптөгөн исламий мамлекеттер жасалма жол менен жакырчылыкта кармап турулат. Бул үчүн ал мамлекеттер – БУУ сыяктуу уюмдар тарабынан белгиленген долбоорлор атайын түзүлгөн комиссиялар жардамында жүргүзүлүп, бардык өнөржайлар атайылап иштен чыгарылып жана жаңыдан өнөржайлаштырууга да тоскоолдуктар коюлуп – сырьё базаларына айландырылат. Кийин ошол алсыз мамлекеттердин жетекчи топтору, ошол бөлүнүп жаткан каражаттар үчүн алардын колдорунда чыккынчы куурчактарга айланып калышат. Алар мамлекет жетекчилигинде эле эмес, балким оппозиция же мамлекеттик эмес уюмдарда кызмат көрсөтүшү да мүмкүн.

Бирок, Обаманын 5 миллиарддык сунушу аларга караганда олуттуураак маселе. Бул чыккынчыларынын ага кызмат кылышы же ишенимдүү болушу үчүн арзыбаган дүйнө маталары жетиштүү болбой жаткандыгынан кабар берет. Ал Исламга каршы көбүрөөк акча бөлүнүшү керек дегенде, мурункусу жетиштүү бөлүнбөгөн дегени эмес, балким чыккынчылыктын баасы көтөрүлүп жаткандыгына ишара кылат. Себеби, учурда чыккынчылардын абалы, бардыгына белгилүү болгондой, оорлошуп бара жатат. Кээ бир жерлерде, ал тургай, өмүрлөрүн коркунучка коюуга туура келет. Мисалы, Сирияда Асадды кармап туруунун өзү өтө чоӊ каражат талап кылат. Эми анын алдында оппозициялык коалицияны да түзүп, ал тургай, аны мойнунан байланган иттей кылып бийликке сүйрөп келе жатышат. Сириянын айланасындагы кошуна элдер ага кошулуп кетпесин үчүн ошол мамлекеттерге жаңы жеӊилдиктерди жаратуу максатында өтө чоӊ өлчөмдөгү каражаттар керек болот.

Жыйынтыктап айтканда, Ислам-куфр согушунда куфр мусулмандарды бири-бирине каршы коюу ыкмасында кризиске дуушар болууда. Эми ал майданга өзү чыгууга мажбур болот. Бирок, бул анын эӊ чоӊ катасы болот. Анткени, ал Ислам жана мусулмандардын биримдигине теӊеле албастыгын өзү да жакшы билет. Кеңешибиз, жакшы кошуначылык кылууну көздөй аракеттенгиле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here