АКШ МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫНЫН ЖАРДАМЧЫСЫ ТАЖИКСТАНДАН КИЙИН ӨЗБЕКСТАНГА КЕЛДИ

274
0

 Кечээ, 26-февраль күнү Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Ричард Хоугландды кабыл алды.

 ТИМ маалымат кызматынын кабарына ылайык, жолугушууда өзбек-америка кызматташтыгынын маанилүү маселелери, саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактардагы алакаларды бекемдөөнүн келечеги талкууланган.

О.э. тараптар айрым эл аралык жана региондук проблемалар боюнча пикир алмашкан.

Жолугушууда АКШнын Өзбекстандагы элчиси Жорж Крол да катышты.

Туркистон:

АКШ Тажикстан аркылуу өтүшү пландаштырылып жаткан жогорку чыӊалуудагы Кыргызстан жана Тажикстандын электр энергиясын, САSА 1000 келишими негизинде ишке ашыруудагы проблемалардан өнүмдүү пайдланып алууну көздөйт. Бул жерде проблема электр узатуу тармагынын салмактуу бөлүгү Афганистандан өткөндүгүндө. О.э. бул долбоорго Өзбекстан тиш-тырмагы менен каршылык кылып келет. Бул проблемалардын бардыгы АКШны ыраазы кылмайынча чече албай турган т.а. анын өзү чалкештирип жаткан проблемалардын бири болуп, Ричард Хоугланд ушул маселеде өз шарттары менен соодалашканы келди.

Өзбекстанга келишинин себеби болсо, бул регион Борбор Азияга АКШнын басым өткөрүү рычагына айланып калгандыгында. Каримов аркылуу коюлуп жаткан талаптардын эл аралык уюмдар тарабынан кабыл алынышы же четке кагылышы АКШга байланыштуу. Ошондуктан, ал оболу Тажикстан өкмөтү менен өзү каалагандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан кийин Өзбекстанга көрсөтмөлөрдү берүү үчүн келди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here