Абу Гозий Зайн тарабынан берилген «Биз Ислам менен кантип өкүм жүргүзөбүз?» деген суроого жооп

311
0

Суроо:

Ассаламу алайкум, Амир мырза абалыңыз кандай? Сизге саламаттык тилеп, Аллах Субханаху ва Тааладан сизди Өзү ыраазы болгон жолго башташын жана катаңызды оңдошун үмүт кылабыз. Менин суроом төмөнкүдөй:

Ушул күндөрдө адамдар тарабынан эң көп бериле турган суроо ушул: Аллах бизге пайгамбарлык дастуруна негизделген исламий Халифалык мамлекети тикелениши менен азиз кылса, биз Ислам менен кантип өкүм жүргүзөбүз? Биз билебиз, Ислам биринчи күндөн эле толук колдонулушу важиб. Ошондой болгон соң, Исламий Халифалык жарыя кылынганда эле колдонулушу важиб болгон иш-чаралар, чечимдер жана кадамдар кандай болот? Халифалык мамлекетинин айланасындагы өлкөлөрдөгү уюм мүчөлөрүнүн т.а. биздин Халифалык жарыя кылынган убактагы ролубуз кандай болот?

Аллах сизди көңүл бурганыңыз үчүн жакшылык менен сыйласын.

Абу Гозий – Триполи – Шам

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух!

Сиз шашылбаңыз, ар бир иштин өз убагы бар. Жигиттер жалпысынан бул ишке даяр. Себеби, Хизбдин пикирлери, түшүнүктөрү, китептеринде келген мыйзамдар жана дастуру о.э. Хизб басып өтүп жаткан тарыйкат, булардын баары – Аллахтын уруксаты менен – жигиттерди бул ишке ылайык кылып коёт. Бул, жалпысынан ушундай.

Ал эми, хос түрдө болсо, Аллах кааласа бул да өз убагында ишке ашат. Аллах аракетиңизди берекелүү кылсын.

Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта      

9-мухаррам, 1435-х.                                                                              

12ноябрь, 2013м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here