Суроо:
Амирибиз, ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.
Биз, каматагы туткун Хизб жигиттерибиз. Бизде олуттуу бир проблема бар. Бизге белгилүү болгондой, курамында хамр болгон атырлар жана дарылар нажасат болуп эсептелет. Бирок, камакта биз анын артында намаз окуп жаткан имам ушундай атырлардан пайдаланат жана өзүнүн айтышы боюнча фатва китептеринен далил келтирет. Ошондуктан, биз экиленип калабыз. Биз бул имам артында намаз окуубуз жайизби? Урматтуу амир, биз мүмкүн болушунча батыраак жоопко муктажбыз. Сиздин жообуңузду күтөбүз. Аллах сизди эң жакшы сыйлыктар менен сыйласын.
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух!
Курамында хамр же спирт болгон атырлардан пайдаланып жаткан бул имамдын артында туруп окулган намаз дурус болот жана батыл болбойт. Себеби, арам иш кылган мусулмандын артында туруп намаз окуу жайиз болуп, күнөөсү имамдын өзүнө болот. Буга далил ушулар:
1 – Бухарий Абу Хурайрадан риваят кылган хадисте Расулуллах A айтты:
«يُصَلُّونَ لَكُمْ، فَإِنْ أَصَابُوا فَلَكُمْ، وَإِنْ أَخْطَئُوا فَلَكُمْ وَعَلَيْهِمْ»
«Алар силерге (имамдык кылып) намаз окушат. Эгер, туура окушса сообу силерге, эгер туура эмес окушса, сообу силерге, күнөөсү өздөрүнө болот». «Сообу силерге, күнөөсү өздөрүнө» деген сөздүн мааниси: намаздын сообу силерге, алар кылган катанын жазасы өздөрүнө болот, дегени.
2 – Муслим Абдуллах ибн Сомиттен, ал Абу Зардан риваят кылат, Абу Зар айтты: Мага Расулуллах A мындай деди:
«كَيْفَ أَنْتَ إِذَا كَانَتْ عَلَيْكَ أُمَرَاءُ يُؤَخِّرُونَ الصَّلاَةَ عَنْ وَقْتِهَا؟ – أَوْ – يُمِيتُونَ الصَّلاةَ عَنْ وَقْتِهَا؟قَالَ: قُلْتُ: فَمَا تَأْمُرُنِي؟ قَالَ: صَلِّ الصَّلاَةَ لِوَقْتِهَا، فَإِنْ أَدْرَكْتَهَا مَعَهُمْ، فَصَلِّ، فَإِنَّهَا لَكَ نَافِلَةٌ»
«Эгер сенин үстүңдө намазды убагынан кечиктире турган же намаздын убагын өткөрүп жибере турган амирлер болсо эмне кыласың? Мен: Мени эмнеге буюрасыз? – дедим. Ошондо Расулуллах A айтты: Сен намазды өз убагында окугун. Эгер алар менен бирге намаз үстүнөн чыксаңар, дагы окугун, себеби, бул намаз сага нафл болуп калат». Бул хадистин мафхуму: эгер залим амирлер намазды өз убагында окушса алардын артында намаз окуу дурус болот.
3 – Белгилүү болгондой, ханафийлер жана шафиийлер фасиктин артында окулган намаз макрух болот, бирок, сахих (дурус) боло берет (батыл болбойт) дешет. Күнөө мусулмандар менен намаз окуп, бирок, мусулмандар аны жаман көргөн имамга түшөт. Термизий Абу Умамадан риваят кылган хадисте Расулуллах A айтты:
«ثَلاَثَةٌ لاَ تُجَاوِزُ صَلاَتُهُمْ آذَانَهُمْ: العَبْدُ الآبِقُ حَتَّى يَرْجِعَ، وَامْرَأَةٌ بَاتَتْ وَزَوْجُهَا عَلَيْهَا سَاخِطٌ، وَإِمَامُ قَوْمٍ وَهُمْ لَهُ كَارِهُونَ»
«Үч тайпа адамдын намазы кабыл болбойт: качкын кул кайтып келмейинче, эрин нааразы кылып түндү өткөргөн аял жана коуму жаман көргөн имам».
4 – Тыянак ушул, силер таква, салих имамдын артында намаз окушуңар абзелирээк. Бирок, курамында спирт болгон атырларды адал санаган ошол имамдын артында намаз окуп калсаңар намазыңар сахих боло берет жана күнөөсү ошол имамга болот.
Кандай болбосун, силер одеколон жана ага окшогон курамында спирт болгон атырлардын арамдыгы жөнүндө насаат сурагыла о.э. спирт аралашкан атырлардын арамдыгы жөнүндөгү төмөндөгү жоопту ага бергиле. Мүмкүн – Аллахтын уруксаты менен – ал хидаят табар.
Курамында спирт болгон атырларга карата айта турган болсок, мындай атырларга хамрдын өкүмү ылайык келет. Муслим Ибн Умардан риваят кылган хадисте Расулуллах A айтты:
«كُلُّ مُسْكِرٍ خَمْرٌ، وَكُلُّ مُسْكِرٍ حَرَامٌ»
«Ар бир мас кылуучу нерсе – хамр жана ар бир мас кылуучу нерсе – арам».
Абу Давуд Жабир ибн Абдуллахтан риваят кылган хадисте Расулуллах A айтты:
«مَا أَسْكَرَ كَثِيرُهُ، فَقَلِيلُهُ حَرَامٌ»
«Аз көлөмдө да, чоң көлөмдө да мас кылган нерсе – арам».
Расулуллах A хамр деп аталган суюктукту баян кылып берди. Аз көлөмдөгү же чоң көлөмдөгү мас кылуучу нерсе – хамр. Бул орунда атыр, одеколон жана ушуга окшогон нерселер аз же көп көлөмдө ичилсе мас кылабы же мас кылбайбы муну аныктоо зарыл. Эгер, мас кылса, ал да хамр болуп эсептелет жана ага хамрдын хадисте келген өкүмдөрү ылайык келет. Хаким Мустадракта Абдуллах ибн Абдуллах ибн Умардан, ал атасынан риваят кылган хадисте Расулуллах A айтты:
«لَعَنَ اللَّهُ الْخَمْرَ، وَلَعَنَ سَاقِيهَا، وَشَارِبَهَا، وَعَاصِرَهَا، وَمُعْتَصِرَهَا، وَحَامِلَهَا، وَالْمَحْمُولَةَ إِلَيْهِ، وَبَايِعِهَا وَمُبْتَاعَهَا، وَآكِلَ ثَمَنِهَا»
«Аллах хамрды наалаттады, аны куюп бергенди, ичкенди, эзип чыгарганды, эзип чыгартканды, көтөргөндү, ага көтөрүп алып барылганды, сатканды, сатып алганды, акчасын жегенди наалаттады».
Суюктуктарга аралашкан спирт затынын таасири жөнүндө адистердин айтышынча, бул суюктук ичилсе мас кылат. Расулуллах A:
«كُلُّ مُسْكِرٍ خَمْرٌ، وَكُلُّ مُسْكِرٍ حَرَامٌ»
«Ар бир мас кылуучу нерсе – хамр жана ар бир мас кылуучу нерсе – арам», дегени үчүн курамында спирт болгон атырларга хамрдын өкүмдөрү ылайык келет.
Мен дагы айтамын, силердин насаатыңар чырайлуу, хикматтуу ыкмада болушу керек. Эгер, ал хидаят тапса, жакшы. Эгер, хужжат келтирип өзүнүн ишинде бекем туруп алса, эмнеси болсо да, силер ага насаат айткыла. Инша Аллах, бул үчүн силерге ажр-сооп бар.
Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рушта
10-мухаррам, 1435-х.
13–ноябрь, 2013–м.