ААЛЫМДАР ПАЙГАМБАРЛАРДЫН МУРАСКОРЛОРУ.

672
0

Жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпой, колдорунда чокту кармап тургандай динди кармап келе жаткандарга Тубо бейиши болсун, Аамиин.

Крым коопсуздук комитетинин жаңы шайланган башчысы П. Зима массалык маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, албетте Хизбут-Тахрир менен күрөшө тургандыгын айтты. Өз кезегинде Крымдын Хизбут-Тахрир маалымат бөлүмү тарабынан, Хизбдин тарыйкатында, табияты жана табанний кылган пикирлеринде да, алар аны акаарат кылышына негиз боло турган бирер маддий (материалдык) аракет табылбайт деген мааниде билдирүү берилди. Бул иштер алар тарабынан уюштурулуп, элди Хизбге каршы  провокация кылууга аракет кылуулар болушу мүмкүн. Бул Россиянын акыркы жылдарда мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан копол саясатында ачык көрүнүп калды.

Буга каршы Крым муфтийи боордошубуз Эмирали ажы Абдуллаев Мамлекеттик коопсуздук кызматына жана башка баскынчы күчтөргө карата:  “Хизбут-Тахрир жана дагы башка тарыйкат менен аракеттенип жаткан ар кандай исламий кыймылдардын өкүлдөрү биздин перзенттерибиз, аларга ар түрдүү жалаа жабыштыра бербегиле, биз бир улут (Ислам) өкүлдөрүбүз ички чататарыбызды өзүбүз чечип алабыз”, – деди.

Аллах бул сыяктуу боордошторубуздун ыймандарын жана денелерин өз коргоосунда сактасын. Учурда үстүбүздө турган баскынчы залим күчтөргө каршы, үммөткө өрнөк боло турган абалыбыз менен таза чыгып барып, Халифалык мамлекети көлөкөсүндө да, ушул боордошубуз сыяктуу башчыларыбыз  үммөттү акыйкатка жетелөөчү амирлерибизден болуп калышын Аллахтан сурап калабыз.

Боордошубуз Эмирали ажы Абдуллаевдин “ички иштерибизди өзүбүз чечип алабыз” деген сөздөрү, шаръий өкүмдөн келип чыгып, исламий кыймылдардын өкүлдөрүн эле эмес, балким арабыздагы фасык жана чыккынчыларыбызды жазалоону куфрга коюп берүү арам экендигинен алынган. Мына ушул өкүмдү бекем кармоо мусулмандардын биримдигин жана Шаръий өкүмдүн куфр өкүмдөрүнөн үстөмдүгүн камсыздайт. Россия таасири астындагы мусулмандар жетекчилиги аманатын өз мойнуна алып, белгилүү кызматтарды ээлеп келе жаткан мусулмандарга, жогорудагы муфтий боордошубуздун позициясы өрнөк болушу керек.

Ошону менен бирге Кыргызстан уламаларынын жана диний жетекчилердин президенттин саясатына каршы тура алгандыктарын да айтып өтүшүбүз керек. Президент Атамбаев, исламий баалуулуктарды акаараттоочу бир нече сөздөр менен диний элитаны туура эмес тарапка багыттамакчы болду. Ал аялдарыбыздын хижабын жана эркектерибиздин сакалдарын шылдыӊ кылып акаараттады. Кээ бир бир демократ диндарлардын сакалдарын алдырып жиберишкенин эсепке албаганда, дээрлик бардык диний жетекчилер шаръй өкүмдү туура баян кылышып президентти ушул багытта колдошподу. Чубак ажы муфтий болуп турган убагында, жогорудагы Крым муфтийи сыяктуу, өкмөткө кошомат кылбагандыгы тууралуу эл арасында айтылып жүрөт.

Хизбут-Тахрир исламий саясий кыймыл болгондуктан, шаръий өкүмдөн кылдай четтеши мүмкүн эмес. Ушундан келип чыгып, аалымдарыбыздын эки дүйнө кадыр-баркын коргоо максатында, аларды төмөнкүлөрдөн эскертип өтмөкчүбүз.

Дүйнө Ислам жана куфр болуп экиге бөлүндү. Ислам анык, куфр болсо өз ичинен дагы бир нече бөлүктөргө бөлүнүп бара жатат. Куфрдун ар бир бөлүгү куфр. Ал тургай, ал адамзатка бейпилдик убада кылып жаткан болсо да. Ал тургай, куфр Исламий баалуулуктарыбызды коргоп же калыптандырып берүү негизинде аракеттендирип жаткан болсо да. Эскертип өтөбүз, куфр негизинде Исламды тикелөөгө аракеттенүүнүн өзү куфр.

Тышкарыдан караганда Ислам да бир нече бөлүктөргө бөлүнгөнгө окшоп көрүнөт. Бирок, чындыгында андай эмес. Ислам бул Пайгамбарыбыз С.А.В. алып келген дин. Анда өзүн-өзү тазалоо кубаты бар. Жогорудагы муфтий боордошубуз айткандай, ислам менен мусулмандарды өз абалына коюшса гана болду, ал өзүнүн ичин өзү тазалап алат. Ислам турмуштан четтетилгенде, шаръий өкүмдөрдөн келип чыгуучу өзүн турмушка кайтаруу тарыйкаты бар.

Куфр дүйнөсү улама жана акимдерибизди бизден тартып алууга катуу аракет кылууда. Алар силерди арзыбаган дүйнө маталары менен алдоо, же катуу коркутуп-үркүтүү менен өз жолдоруна салышмакчы. Сабыр кылсаӊыздар Аллах жана Анын расулуна эӊ жакын адамдарга айланасыздар, Инша Аллах.

 Себеби, Пайгамбарыбыз С.А.В.:

«Анбиялар, кийин аларга окшогондор. Кийин дагы аларга окшогондор. Анткени, киши динине карап, сыноого учурайт», – деген. (Имам Термизий риваяты).

Тогуттарга келсек, алар Мекке мушриктеринин абалы кандай болгонун эстеп көрүшсүн, себеби, алардын жолун ээрчүү шерменделик жана кордуктан башка нерсеге алып барбайт.

Албетте момун жана муминаларды фитнага салган соӊ тообо кылбаган кимселер үчүн тозок азабы бар жана алар үчүн от азабы бар” [85:10]

Жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостон, колдорунда чокту кармап тургандай динди кармап келе жаткандарга Тубо бейиши болсун, Аамиин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here