АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө “эгерде Россия Крымда жана Украинанын башка аймактарында аскерий аралашуусун кеӊейте турган болсо, Украина кризисин чечүү үчүн бардык дипломатиялык жолдор жабылышы мүмкүн” деп эскертти.
Керринин айтымында, Россиянын Крымды “кошуп алуу” боюнча таштай турган мындан кийинки кадамдары дипломатиялык сүйлөшүүлөр үчүн эч кандай орун калтырбайт. О.э. Керри Москваны “оор-басырыктуу болууга” чакырды. Ошол маек тууралуу кабар таркаткан Россия тышкы иштер министрлигинин сайтында, Тышкы иштер министрлери “Украина кризисин чечүү максатында мындан кийин да тыгыз алакаларды улантууга келишип алгандыгы” айтылат. Маектин башка тафсилаттары ачыкталбады.
О.э. ишемби күнү АКШ президенти Барак Обаманын Литва президенти Далей Грибаускайте, Латвия президенти Андрис Берзиньшей жана Эстония жетекчиси Тоомас Хендрик Ильвестер менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өткөн. Төрт тараптуу маек маалында Барак Обама Прибалтика мамлекеттеринин АКШ өкмөтүнө НАТО алкагындагы келишимге ишенимдүү калышын о.э. Прибалтика мамлекеттеринде коопсуздукту камсыздоо жана демократияны колдоп-кубаттоого даяр экендигин маалымдады.
Ошону менен бирге, АКШ президенти Обама Британиянын премьер-министри Девид Камерон, Франция президенти Франсуа Олланд жана Италия Премьер-министри Маттео Ренцилердин ар бири менен Украинадагы кырдаалды талкуулады. Сүйлөшүүлөр убагында тараптар Крым статусун белгилөө боюнча 16-март күнү болуп өтүүчү референдумдун конституцияга тескери экендиги туурасында бир пикирде экендиктерин белгилеп алышты о.э. Россияны өз аскерлерин базага кайтарууга, Крымга эл аралык күзөтүүчүлөрдүн жана укук коргоочулардын киришине уруксат берүүгө, Москва жана Киев ортосунда сүйлөшүүлөрдүн башталышына жардам берүүчү байланыш тобун түзүүгө чакырышты.
7-март күнү кечинде Россия президенти Владимир Путин жана Барак Обама ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп өттү. Маек убагында Обама Путинге Украина кризисин чечүү боюнча бир нече пикирлерди айтып өттү. Бул пикирлердин катарында эл аралык уюмдар кызматташтыгында түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү баштоо сунушу да бар болчу.
Өз кезегинде Рада тарабынан Украина премьер-министри болуп дайындалган Арсений Яценюк Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн кийинки аптада АКШга барышы жөнүндө маалымдады.
Яценюк жекшемби күнү болуп өткөн өкмөттүк жыйында: “Кийинки шаршембиде кырдаалды жөнгө салуу боюнча биздин эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерибизди тартипке салууда жогорку даражада жолугушуу өткөрүү үчүн Кошмо Штаттарга барууга даярдык көрүп жатамын”,- деди.
Туркистон:
Россия туюк көчөгө кирип барууда.
5 март күнү өткөрүлгөн ЕАЭС келишимине мүчө мамлекеттердин кезектеги шашылыш жыйыны болуп өттү. Путин Крым маселесиндеги ээлеген позициясы боюнча, ал тургай уюмдагы кесиптештери Назарбаев жана Лукашенколордун толук кубаттосуна жетише албады. Демек, алар да дүйнөдөгү башка мамлекеттер сыяктуу эле, Россиянын кызыкчылыктары үчүн АКШнын басымдарына туруп берүүнү каалашпайт.
Россия өзүнүн эл аралык системадагы даражасына туура баа бере албаган окшойт. Аны акыркы жылдарда, Англия, Франция сыяктуу мамлекеттер эл аралык системанын теӊ салмактуулугу бузулбасын үчүн АКШга жасалма атаандаш катары кармап келишет. Россия алда качан эле АКШга атаандаштык кылуу мүмкүнчүлүгүн жоготуп бүткөн. Ал иштеп чыгаруудагы потенциалдарын дээрлик жоготуп, бюджетин нефть жана газды сырьё катары сатуунун негизине курат. Путин саясий сокурдугунан улам, аны жасалма түрдө кадыр-барктуу кылып жатышканын түшүнө албай калды. АКШ болсо, Россиянын зыянына Европа менен Украина маселесинде кызыкчылыктарын бир сапка коюп, Россияга каршы тил бириктире баштады. Европасыз Россия, АКШга каршы эч ким эмес.