Жалпыга маалымдоо каражаттары таркаткан кабарга ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик чегара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу полковник Райимберди Дүйшөнбиев Өзбекстан Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чегара кошуундары командачысы полковник Рустам Иминжанов менен жолугушту.
“Жолугушуу маалында тараптар кыргыз-өзбек чегараларын кайтаруу боюнча 2013-жылдагы кызматташтыктын натыйжаларын көрүп чыгышты, бир катар маанилүү проблемаларды талкуулашты о.э. 2014-жылы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин белгилеп алышты”, – деп айтылат кабарда.
Туркистон: Колонизатор мамлекеттер өздөрүнүн “бөлүп ташта жана өкүмдарлык кыл” деген эрежесине негизделип, Халифалык мамлекетин кулаткандан кийин ислам өлкөлөрүн майда мамлекеттерге бөлүп, ортолоруна жасалма чегараларды тартышты. Өздөрү ишке ашырып жаткан мындай бузуку иштер жеӊил болушу үчүн мусулмандар зээнин улутчулдук жана мекенчилдик сыяктуу тайыз жана төмөн пикирлер менен булгашты.
Бүгүнкү күндө да исламий өлкөлөрдү ого бетер талкалап таштоого аракет кылышууда. Судан мамлекетин экиге бөлүп, түндүк жана түштүк аймактарына бөлүп ташташты. Ирактын түндүгү, Ирандын батышы жана Түркиянын чыгышында жайгашкан күрд улутундагы мусулмандарды “эгемендүү мамлекет тикелөө” туурасындагы өзүнүн жийиркеничтүү планына ойнотуп, бул мамлекеттерди мындан ары да бөлүүгө аракет кылышууда. Себеби, мусулмандар канчалык бөлүнүшсө жана ар бир улут өзүнө “эгемендүү” болсо, аларды башкаруу, кол астында кармап туруу бул колонизатор мамлекеттерге ушунчалык жеӊил болот.
Орто Азиядагы тили бир, дини бир, үрп-адаттары бир болгон мусулмандарды да “эгемендүү” беш республикага бөлүп таштап, ортолоруна жасалма чегара тартышты жана ошону менен чектелип калбастан, бул жасалма тосуктарды дагы да бекемдөө үчүн малай акимдерди материалдык жана моралдык жактан колдоп-кубаттап жатышат.
Мунун натыйжасында болсо кылымдар бою тууган-урук жана куда-сөөк болуп келген эки элдин өкүлдөрү бири-бири менен айлап-жылдап көрүшө албай калууга мажбур болушууда.
Кожоюндары тараптан колдоп-кубатталып жаткан чегараларды бекемдөө иштери, өзүнүн бийлигин сактап калуудан башка кайгысы болбогон Каримовго абдан туура келүүдө.
Каримов Кыргызстан эле эмес, тескерисинче, бардык кошуна мамлекеттер менен да чегараларды бекемдеди жана ал тургай Тажикстан менен чегарасына миналарды жайгаштырып таштоого да буйрук берди. Мунун натыйжасында болсо бүгүнкү күнгө чейин карапайым жарандар миналарга жарылып өлүүдө же өмүр бою майып болуп калууда.