БИРМАДА БУТПАРАСТАР МЕЧИТКЕ ЧАБУУЛ КЫЛЫШТЫ

291
0

Бирмада бутпарастар мусулмандарды жырткычтык менен өлтүрүп жатканда бул иште аларга рохибдери баш болууда. Жакында бутпараст монастрлар мусулмандарды өлтүрүү үчүн курал-жарак чогултуп койгондугу белгилүү болду. Мамлекеттин коопсуздук күчтөрү жана полиция кылмыштын алдын алуунун ордуна канкорлорго шерик болуп мусулмандарды кыргын кылууда.

Көчөлөрдө, базарларда мусулмандарды кууп, таяктап өлтүрүп жатканы жетпегендей, мечитте намаз окуп жаткан мусулмандарды да өлтүрүшүүдө. Мьянмада кылыч жана таяктар менен куралданган бутпарастар мечитке бастырып кирип, намаз окуп жаткан 25 мусулманды жырткычтык менен таяктап өлтүрүштү. Ондогон адамдар кылыч жана таяк соккусунан ар түрдүү жарааттарды алышты. Мусулмандардын бирден-бир айыбы – мусулман экендиги.

Кабарларда айтылышынча, Бирма өкмөтү мусулмандар арасында диндарларды көбүрөөк бутага алууда. Диндарлар Бирма камактарында ар түрдүү кыйноого алынууда. Алардын кайда экендиги жана өлүү же тирүү экендиги тууралуу жакындарына эч кандай маалымат берилбейт. Жакында эле будпарастар камагында 31 диндар кыйноо астында өлтүрүлгөн.

Бирманын Мейтхил шаары эң көп зыян көргөн аймактардын бири. Себеби, ал жерге буддист рохиб жетекчилигиндеги 969 деген аталыштагы топ чабуул кылган. Бул топ кайсы жерге чабуул кылса, көз көрүп-кулак укпаган жырткычтыкты ишке ашырат.

Муслима аялдардан сексуалдык кул катары пайдаланып, андан кийин кааласа тирүүлөй өрттөп, кааласа тирүүлөй көмүп өлтүрүп жаткан бутпарастардын бул кылыктары жөнүндөгү маалыматтар тышкарыга чыгып кетпесин үчүн өкмөт бардык чараларды көрүп жатат. Жакында жанынан мобилдик телефон табылганы үчүн үч мусулман камакка алынып катуу кыйноого салынышкан.

Ушунча кылмыштар жүз беришине карабастан, Бирма өкмөтүнүн билмексен болуп турушу жана Ислам дүйнөсүнөн бирер-бир добуш чыкпагандыгы бутпарастарды ого бетер кайраттандырууда.

Туркистон:

Эл аралык коомчулуктан – ал куфр системасы болгону үчүн – үмүт үзүлгөн, бирок Ислам дүйнөсү да, ал тургай, айбандарга да таандык болбогон массалык кыргындар кайталанышына карабастан, бир жолу да олуттуу көӊүл бурбады. Бул жапайыларды токтотуу тууралуу же токтотуу колунан келе турган эл аралык коомчулукка басым өткөрүү тууралуу ойлонушпады. Тескерисинче, ошол куфр коомчулугу белгилеп берген жасалма чегараларды шылтоо кылып, бул бутпарастардын тизгинин тартып коюудан тыйылышат. Себеби, мусулмандар өлкөлөрүнүн жетекчилери жана аскерийлери Ислам эътикадын бузуп, мусулман боордошторубузду өлтүрүп, карындаштарыбыздын намысын тебелеп жатышканда, аларга кошуна болуп туруп, же аскерий жактан аралашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп туруп,  же саясий басым өткөрө ала турган ыйгарым укуктарга ээ болуп туруп да, бирөө-жарымы аларга жардам бербеди.

Тескерисинче, куфр дүйнөсү өзү да аралашпай малайларын да аралашуудан тыйып, мужахиддердин ушул аймакка агып киришине шарттарды жаратып жатышканбы? Себеби, куфр системасынын бул сыяктуу кичинекей жана алсыз мамлекеттерди тыйып коюуга күчү жетет. Бул иштер Бирма сыяктуу бир катар мамлекеттерде ошол мамлекеттердин жетекчилери башчылыгында же көз алдында жүрүп жатат. Бул мамлекеттер жетекчилеринин болсо, чоӊ мамлекеттер менен тыгыз жана өз ара туруктуу алакалары бар. Демек, чоӊ куфр мамлекеттери билип туруп сүкүт сактап жатышат.

Жалпысынан алганда, алардын мусулмандарды коргоодон башка иштери жокпу? Бул түпкүлүгүндө алардын мойнундагы ишпи? Албетте, жок. Бул мусулмандардын бардыгынын мойнундагы шаръий буйрук. Бирок, бул иштерди ишке ашырууда арасынан бирөөнү жетекчи, Пайгамбарыбызга орун басар т.а. Халифа кылып шайлап алышат. Андан кийин, бул иш алардын мойнунан Халифага көчүп өтөт. Мусулмандар болсо ушул сыяктуу иштерди ишке ашыруусунда ошол Халифага моюн сунушат. Демек, куфрдан же ага малай акимдерибизден жардам сурап отуруу мүмкүн эмес. Тескерисинче, өзүбүз кырдаалды өз колубузга алып, арабыздан бирөөнү Халифа шайлап алуунун убагы келди.

Бирок, бул иштин да өзүнүн шаръий жолу бар. Бул – бүгүнкү күндө Хизбут-Тахрир алып барып жаткандай – өзүнүн жолун Пайгамбарыбыздын САВ  Ислам мамлекетин тикелөөдөгү тарыйкатына ылайыктап, ал кишинин жолунан кылдай да четтебеген абалда алып барууну талап кылат. Ушул иш аягына жеткенде т.а. Пайгамбарыбыз САВ сахабалары менен басып өткөн жол туура басып өтүлгөндө Аллахтын нусраты келет. Демек, нусратка татыктуу үммөт болушубуз ийгиликтин негизги кепилдиги болот. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here