ДАГЕСТАНДА ХИЗБУТ-ТАХРИРДИН 52 МҮЧӨСҮН КАМАККА АЛЫШТЫ

267
0

Россия Федерациясынын ички иштер министрлигинин сайты 10-декабрь күнү таркаткан кабарга ылайык, Дагестанда Хизбут-Тахрир уюмуна мүчө болгондукта шектелип 52 киши камакка алынган.

Кабарда айтылышынча, уюмдун ишмердүүлүгүн жок кылуу боюнча атайын операция 9-декабрь күну өткөрүлгөн. Полиция кызматкерлери бир эле убакта 47 адрес боюнча жетип барышкан. Тинтүү маалында эки граната, электрошокерлер жана көптөгөн экстремисттик адабияттар табылган. Мындан тышкары, Хизбдин Махачкаладагы жетекчиси деп шектелген адамдан колдо жасалган жардыруучу затка окшогон буюм табылган.

Уюмдун жетекчилеринен деп эсептелген үч адам камакта калды. Калгандарынын үстүнөн текшерүү иштери жүрүп жатат. Камакка алынгандардын бири Кыргызстандын жараны болгон Казимжан Шералиев Хизбут-Тахрирдин эл аралык амири деп эсептелүүдө. Азырынча бул маалымат да текшерилүүдө.

Туркистон: Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн күндөн-күнгө күчөтүп бара жаткан Россия өкмөтү бул күрөштө да өзүнүн табиятына ылайык “аюуча саясат” алып барууда.

Хизбут-Тахрир саясий хизб болуп, анын мабдасы Ислам. Саясат анын иши. Ал үммөт арасында жана Үммөт менен биргеликте пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө о.э. Расулулла саллаллаху алайхи ва саллам жүргөн тарыйкат аркылуу Исламий турмушту кайрадан баштоо үчүн иш-аракет алып барат. Ал турмуштук проблемаларга Ислам чечимдерин берүү менен адамдардын иштерин башкарат, пикирий жана саясий күрөш аркылуу акимдерди өзгөртөт. Хизбут-Тахрир 60 жылдан бери көптөгөн Исламий өлкөлөрдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет, туура сөз жана далилге далил менен каршы чыгуу аркылуу Аллах Субханаху ва Таалага даъват кылат, күч колдонуу менен материалдык жолго өтпөйт, анын бир да аскерий бөлүгү жок жана мунун тескерисин далилдеген бир да окуя жүз берген эмес.

 Болгону, кудайсыз коммунисттердин тарбиясын алган жана Каримовго окшогон наадан жетекчилер гана Хизбге материалдык ишти жабыштырууга аракет кылышууда. Мурдагы КГБнын подполковниги болгон Путин да ошолордун бири болуп эсептелет.

 Путин орус коомчулугу арасында Ислам динине эътикад кыгандар көбөйүп бара жаткандыгын көргөндөн кийин, мунун алдын алууга катуу аракет кыла баштады. Ушундай максатта Путин Россияда Исламга байланыштуу бардык нерсеге тыюу салууга жана мусулмандар жүрөгүнө коркунуч салууга бел байлады . Новороссийск шаардык соту Курандын котормосун экстремисттик материал деп атады, күч органдары тарабынан Хизбдин мүчөсү Абдуллах Гаппаев өлтүрүлдү, мектептерде хижаб кийүүгө тыюу салынды, Аллахтын үйү болгон –“Ал-Ихлас” мечити бузуп ташталды о.э. анын имамы Рустам Сафин камакка алынды. Мына ушундай жийиркеничтүү жана паскечтик жолдор аркылуу Путин Исламдын коомго жайылышына чек коймокчу болууда.    

 Абу Масъуд Укба ибн Амр Ансорий Бадрийден  риваят кылынат, Расулуллах саллаллаху алайхи ва саллам: “Эгерде уялбасаӊ, каалаган ишиӊди кыл “, – деген. (Имам Бухарий).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here