«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (ыйман-итикаддуу)заттарды (жер жүзүнө) халифа-өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм-бекем кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин тынчтык-бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (неъмат) кылса, анда, алар итаатсыз кишилер» [24:55]
Басма сөз баянаты
Россияда Исламга тыюу салынды
Аллах Субханаху ва Таала айтат:
«Эгер, Аллах адамдардын айрымдарын айрымдары менен кайтарып турбаса, кадиксиз Аллахтын аты көп эстеле турган (рохибдердин) монастырлары, (насранийлердин) бутканалары, (яхудийлердин) ибадатканалары жана(мусулмандардын) мечиттери ойрон кылынган болоор эле. Албетте, Аллах Өзүнө (т.а. динине) жардам бере турган заттарды үстөм кылат. Шексиз, Аллах күчтүү, кудуреттүү» [22:40]
2013-жылы 27-сентябрь күнү Хизбут-Тахрир жигиттери Россиянын түрдүү региондору бойлоп «Россияда Исламга тыюу салынды» деген аталышта нааразылык демонстрацияларынын кампаниясын башташты. Бул кампанияны өткөрүүгө орус жооптууларынын иш-аракеттери себеп болду. Орус жооптууларынын бул иш-аракеттери Россия Исламга байланышы бар ар бир нерсеге тыюу салуу ниетинде экенин көрсөтүп турат. Мисалы, Новороссийск соту Куръанды экстремизм деп баалоо жөнүндөгү токтому, Хизбут-Тахрир мүчөсү Гаппаев Абдуллах коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөнү, мекетептерде хижабга тыюу салынганы, Аллах байты – Ихлас мечитинин бузуп ташталып, анын имамы Рустам Сафин камакка алынганы, булардын баары Россиянын Исламга алакасы бар ар бир нерсеге тыюу салууга аракет кылып жатканы анык факт экенин көрсөтүп турат. Хизбут-Тахрир жигиттери Москва, Санкт-Петербург, Уфа, Казан, Тюмень жана Россиянын башка ири шаарларындагы мечиттерде сөз сүйлөп Үммөттү Ислам жана мусулмандардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн биргеликте аракет кылууга чакырышты. Хизбут-Тахрир–Россия атынан имамдар жана муфтийлерге Ислам жана мусулмандарды коргоого чакырылган кайрылуулар да жолдонду. Мечиттерде баракчалар да таратылып, Россиядагы мусулмандардан Хизбут-Тахрирди колдоп-кубаттоо талап кылынды жана Исламды коргоого чакырылды. Көпүрөлөрдө жана жол кесилиштеринде «Мусулмандарды өлтүрүүнү токтоткула», «Россия Исламга каршы, 2013-жылы 17-сентябрда Куръанга тыюу салынды» деп жазылган жана башка көптөгөн плакаттар көтөрүлүп чыкты.
Мусулмандар көчөлөрдө да туруп «Мен Аллахка болгон ыйманым себептүү өлтүрүлдүм, Гаппаев Абдуллах 16.09.2013», «Россияда Куръанга тыюу салынды, мен буга каршымын», «Россияда мечиттер бузуп ташталууда, мен буга каршымын» деген сөздөр жазылган плакаттарды адамдардын көңүлүн ушул фактыларга буруп, орус жооптуулары тарабынан Исламга каршы алып барылып жаткан душмандык саясатына таасир өткөрүү үчүн көтөрүп чыгышты жана дагы башка бир нече плакаттар жабыштырылып чыкты.
Бул кампания ийгиликтүү аяктады. Анткени, ал маалымат каражаттарынын этибарын тартты о.э. мусулмандар тарабынан колдоп-кубаттоо менен күтүп алынды. Аллах Субханаху ва Таала айтат:
«Эгер, Аллах адамдардын айрымдарын айрымдары менен кайтарып турбаганда, шек-күмөнсүз, жер жүзү бузулуп кетет эле» [2:251]
Хизбут-Тахрирдин
Россиядагы басма сөз бөлүмү