Суроолор:
1 – Ghadeer Rooz: Азыр спирттин мас кылуу касиетин жок кылуу үчүн ага уу заттар кошула турган болуп калды. Ошондон кийин ал мас кылуучу эмес, уу затка айланып калат. Бул орунда суроо мындай, атырдагы уулуу спирт кийимдердин дааратын буза турган нажас болобу?
2 – Абу Махмуд Халилий: Атырлардагы спирт эки түрдүү болот. Биринчи түрдөгүсү, мас кылуучу этил спирти деп аталат. Экинчи түрдөгүсү, уулуу метил спирти деп аталат. Бул экөөсүнүн өкүмү бирби?
3 – Мустафа Абдул Ал: Эгер ичилбесечи?
4 – Иклил Жабал: Бул өкүм медициналык продукцияларга да туура келеби? Медицина секторлорунда колдорду тазалоо заттарынын көпчүлүгү спирт продукцияларынан (ethanol + isopropanol) турат. Оозду чайкоодо колдонула турган заттар да ушундай. Биз айрым дарыларды эритүүдө же аларды сактоодо да спирт продукцияларынан пайдаланабыз?
5 – Manal Bader: Ассаламу алайкум, урматтуу шейх. Аллах сизге берекет тартуу кылсын, сиз жогоруда алкоголду керектөө (ичүү) мас болуу абалына алып келишин айттыңыз. Акыйкатта болсо, денатуралдаштырылган спирт парфюмериядагы дезодаранттарда, лосьондор жана кремдерде колдонулат. Бул абалда, химиялык абалы өзгөргөндүктөн аларды керектөө (ичүү) мүмкүн болбой калат. Шарияттын бул спирттен пайдалануудагы өкүмү кандай? Башка тараптан, автомобилдер үчүн колдонула турган жанылгылар да ушул алкоголдон иштелип чыгат, алардын да өкүмү арамбы? Аллах сизди жакшылык менен сыйласын.
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.
Бул суроолор бири-бирине окшош суроолор болгондуктан, мен аларга төмөнкүчө жалпы таризде жооп беремин.
1 – Спирттин метил спирти деп аталган түрү бар. Жогорудагы суроодо бул спирт мас кылуучу эмес, бирок уулуу деп айтылды. Жанылгы спирти ушул түрдөгү спиртке кирет. Ал жыгач жана башка нерселердин чыгындысынан алынат. Аны ичүү сокурлукка себеп болот жана бир нече күн ичинде өлүмгө алып барат. Ушуга ылайык, метил спирти хамр эмес, нажастык жана арамдык жагынан хамрдын өкүмүн албайт. Бирок, метил спиртин уу катары колдонуу «Зарар» (зыян) коидасына ылайык – арам. Ибн Мажа Убада ибн Самиттен ушул хадисти риваят кылат: «Расулуллах A зыян көрүү да, зыян жеткирүү да жок деп өкүм кылды».
2 – Спирттин этил спирти деп аталган түрү да бар, ал ачытылган же фильтрленген хамрга иштетилет. Медицинада колдонулуп жаткан спирт ушул түрдөгү спиртке кирет. О.э. этил спирти өнөр жайда да иштетилет. Мисалы, ал айрым заттарды сактоодо, нымдуулукту кургатууда, айрым щелоч жана майларды эритүүдө, тоңдуруунун алдын алууда, айрым дарыларды эритүүдө, одеколон жана духи сыяктуу атырларда о.э. айрым жыгач материалдарды иштеп чыгууда колдонулат. Этил спиртинен пайдалануу үч бөлүккө бөлүнөт:
а) Бул спирт жалаң гана эритүүчү катары же айрым заттарга аралашма катары иштетилет. Мындай иштетүү спирттин касиетин жоготпойт, анын курамы жана мас кылуу касиети өз абалында калат. Спирттен мындай пайдалануу бүтүндөй арам. Буга одеколонду мисал кылса болот. Ошондуктан, одеколонду иштетүү адал болбойт жана ал нажас. Анткени, анын аралашмасы нажасат жана мас кылуучу спирт өз абалында калган. Ал хамрга аралашкан зат болуп, хамр нажас болуп эсептелет. Буга Хушанийдин хадиси далил.
Дарикутний Хушанийден риваят кылган хадисте ал айтат: Мен айттым: Я Расулуллах, биз мушриктер менен аралашып жашайбыз. Биздин казаныбыз да жана алардын идишинен башка идишибиз да жок. Расулуллах A айтты:
«اسْتَغْنُوا عَنْهَا مَا اسْتَطَعْتُمْ فَإِنْ لَمْ تَجِدُوا فَارْحَضُوهَا بِالْمَاءِ فَإِنَّ الْمَاءَ طَهُورُهَا ثُمَّ اطْبُخُوا فِيهَا»
«Мүмкүнчүлүгүңөр жеткенче ага муктаж болбогула. Эгер, мүмкүнчүлүк таба албасаңар аны суу менен жуугула. Анткени, суу аны тазалайт. Кийин анда тамак бышыргыла». Расулуллах A: «Суу аны тазалайт» деди. Т.а. бул идиш ага хамр куюлушу менен нажас болгон жана жуулушу менен таза болгон. Бул, хамрдын нажастыгына далил. Суроо хамр куюлган идиш жөнүндө болгон. Абу Давуд Абу Саълаба Хушанийден риваят кылган хадисте Хушаний Расулуллах Aдан мындай деп сураган: Биз ахли китептер менен коңшулаш жашайбыз. Алар казандарында доңуз этин бышырат жана идиштеринде хамр ичишет. Ошондо Расулуллах A айтты:
«إِنْ وَجَدْتُمْ غَيْرَهَا فَكُلُوا فِيهَا وَاشْرَبُوا، وَإِنْ لَمْ تَجِدُوا غَيْرَهَا فَارْحَضُوهَا بِالْمَاءِ وَكُلُوا وَاشْرَبُوا»
«Эгер, андан башкасын тапсаңар, анда жегиле жана ичкиле. Эгер, башкасын таба албасаңар, аны суу менен жуугула, анда жегиле жана ичкиле». Доңуз жана хамр – нажас. Булардын ар бири салынган идиш нажас болот. Ошондуктан, аны иштетүүдөн мурун тазалоо үчүн жууп жиберүү важиб.
б) Бул түрдөгү пайдаланууда спирт негизи өзгөрөт, ал мас кылуу касиетин жоготот. Андан спирттин сыпаттарынан башка сыпатка ээ жаңы зат келип чыгат. Бирок, ал уулуу болбойт. Бул жаңы зат хамрдын өкүмүн албайт. Бул зат кудум башка заттар сыяктуу таза жана ага «Нерселердеги асл – ырас, арамдыгына далил келбесе – мубахтык» коидасы туура келет.
в) Бул түрдөгү пайдаланууда спирт негизи өзгөрөт, ал мас кылуу касиетин жоготот жана андан спирттин сыпаттарынан башка сыпатка ээ зат келип чыгат. Бирок, бул зат уулуу болот жана анын өкүмү уу өкүмүндө болот. Өзү таза, бирок аны ичүү үчүн, же өзүнө, же башкасына зыян жеткирүү үчүн иштетүү арам.
3 – Ушуга ылайык этил спирти, эгер, башка зат менен аралаштырылса, бул аралашма анын мас кылуу касиетин жоготтубу же жокпу жана бул аралашма уулуубу же уулуу эмеспи, ушуну билүүгө карап өкүм чыгат. Бул үчүн адистердин текшерүүсү керек болот. Эгер, илимий же амалий жактан бул аралашманын мас кылуучу касиети тастыкталса, хамрдын өкүмүн алат жана бул, этил спирти өз негизин жана касиетин жоготпогонуна далил болот. Эгер, бул аралашма мас кылуучу да, уулуу да эместиги тастыкталса, хамрдын да, уунун да өкүмүн албайт. Эгер, бул аралашманын мас кылуучу эместиги, бирок, уулуу экени тастыкталса, хамрдын өкүмүн эмес, уунун өкүмүн алат.
Ушуга ылайык:
- Ghadeer Rooz өз суроосунда «Спирттин мас кылуу касиетин жоготуу үчүн ал башка уулуу зат менен аралаштырылат» деп жатат. Буга жооп мындай, эгер бул – адистер тарабынан текшерилип анын мас кылуучу эместиги, уулуу зат экени тастыкталса, ал хамрдын өкүмүн албайт жана нажас болбойт. Ага уу өкүмү колдонулат. Аны ичүү же башкасына зыян жеткирүү үчүн иштетүү арам.
- Абу Махмуд Халилий өз суроосунда айтат: «Атырлардагы спирт эки түрдүү болот. Биринчи түрдөгүсү мас кылуучу этил спирти деп аталат, экинчи түрдөгүсү уулуу метил спирти деп аталат. Бул экөөсүнүн өкүмү бирби?»
Буга жооп ушул: алардын өкүмү бир эмес. Мас кылуучу спирт хамрдын өкүмүн алат. Ал эми, уулуу метил спиртинин аралашмасы уунун өкүмүн алат. Бирок, атырлар, мендеги кабарларга караганда, метил спирти эмес, этил спиртинин түрүнө кирет. Бул маселени адистерден сурап аныктап алыңыз. Анткени, анын өкүмү анын мас кылуучу же мас кылбай турган уулуу экенине байланыштуу.
- Мустафа Абдул Ал «Эгер ичилбесечи?» деп суроо берди.
Эгер, аралашма одеколонго окшогон мас кылуучу болсо, хамрдын өкүмүн алат. Хамр ичилгенде гана эмес, он түрдүү орунда арам. Термизий Анас ибн Маликтен риваят кылган хадисте Анас G айтат: «Расулуллах A хамрда он кишини наалаттады: хамрды сыгып чыгаруучуну, сыгып чыгартуучуну, ичүүчүнү, көтөрүп келүүчүнү, ага көтөрүп келингенди, куюп берүүчүнү, сатуучуну, анын акчасын жеген адамды, сатып алуучуну жана ага сатып алынганды наалаттады».
- Иклил Жабал мындай суроо берет: «Бул өкүм медицина продукцияларына да колдонулабы? Көпчүлүк медицина секторлорунда колдорду тазалоо заттары спирт продукцияларынан (ethanol + isopropanol) турат. Оозду чайкоодо пайдаланыла турган продукциялар да ушундай. Биз айрым дары продукцияларын эритүү же сактоодо спирттен пайдаланабыз?».
Буга жооп мындай, дабалоодо хамрды иштетүүнүн жана спирт колдонуп дабалоонун өкүмү карохият менен жайиз:
Ибн Мажа Тарик ибн Сувайд Хазрамийден риваят кылган хадисте Тарик айтат: Мен: Я Расулуллах, биздин жерибизде жүзүм бар. Биз аны сыгып чыгарып, аны ичебиз деп айттым. Расулуллах A: Жок, ичпегиле, деп айтты. Мен дагы: Ал менен ооруларды дабалайбыз, деп айттым. Расулуллах A мындай деди:
«إِنَّ ذَلِكَ لَيْسَ بِشِفَاءٍ وَلَكِنَّهُ دَاءٌ»
«Бул шыпаа эмес, тескерисинче оору». Бул, дабалоодо нажасты же арамды (хамрды) иштетүүдөн кайтаруу болуп эсептелет. Бирок, Расулуллах A нажас болгон төөнүн бавли (сийдиги) менен дабаланууга уруксат да берген. Бухарий Анас Gдан риваят кылган хадисте мындай келет: «Урайна уруусунан болгон адамдарга Мединанын абасы жакпай ооруп калышты. Расулуллах A аларга зекет төөлөрүнүн алдына барып, алардын сүтү жана бавлинен ичүүгө уруксат берди…». Т.а. аларга Мединанын абасы жакпай кесел болуп калышканда Расулуллах A аларга төөнүн бавли менен дабаланууларына уруксат берди. Акыйкатта болсо, ал – нажас. О.э. Расулуллах A арам менен т.а. жибек кийүү менен дабаланууга да уруксат берген. Термизий жана Ахмад Анас Gдан риваят кылган хадисте мындай келет: «Бир казатта Абдуррахман ибн Авф жана Зубайр ибн Аввам экөөсү Набий Aга кычыткыдан арызданышты. Расулуллах ал экөөсүнө жибек көйнөк кийүүгө уруксат берди. Анас мен жибек көйнөктү экөөсүнүн үстүндө көрдүм деп айтты». Бул эки хадис Ибн Мажанын хадисиндеги кайтаруу катъий эместигине карина. Т.а. нажас жана арам менен дабалануу макрух.
Ошондуктан, иштелип чыгышында спирт аралашкан дарыларды керектөө карохият менен жайиз. Абзели – дары иштеп чыгарууда спирт иштетпөө. Бирок, дары иштеп чыгарууда спирт иштетилсе, мунун өкүмү макрух. О.э. эгер оорулуу спирт камтылган дарыны керектесе бул да макрух. Бул да, эгер, адистер спирт камтылган дарыны даба деп белгилесе ушундай.
- Карындашыбыз Manal Bader тарабынан берилген суроосу:
«Ассаламу алайкум, урматтуу шейх. Аллах сизге берекет тартуу кылсын, сиз жогоруда алкоголду керектөө мас болуу абалына алып келишин айттыңыз. Акыйкатта болсо, денатуралдаштырылган спирт парфюмериядагы дезодаранттарда, лосьондор жана кремдерде колдонулат. Бул абалда аларды керектөө (химиялык абалы өзгөргөндүктөн) мүмкүн болбой калат. Шарияттын бул спирттен пайдалануудагы өкүмү кандай? Башка тараптан, автомобилдер үчүн колдонула турган жанылгылар да ушул алкоголдон иштелип чыгат, алардын да өкүмү арамбы? Аллах сизди жакшылык менен сыйласын».
Буга жооп мындай, сиз «SD» түрүндөгү спиртти же химиялык дабалоо спиртин айттыңыз жана сиз аны уулуу деп айтып жатасыз. Мен бул түрдөгү спирттин метил же этил спиртинин кайсы бирине таандык экенин билбеймин. Бирок, аралашма мас кылуучу эмес, уулуу болсо хамрдын эмес, уунун өкүмүн алат. Эгер, аны бирер адам өзүнө же башкасына зыян жеткирүү үчүн иштетсе арам болот. Эгер, бул заттын нажас экенине нусус келбеген болсо ал таза.
Эгер, аралашма мас кылса, ал хамр өкүмүндө болот. Ал ичилсе гана эмес, жогоруда көрсөтүлгөн он орунда да арам болот.
Спирт аралашкан автомобилдер жанылгысы жөнүндө айта турган болсок, эгер ал ичилсе мас кылса, хамр өкүмүндө болот. Эгер, мас кылуучу эмес, уулуу болсо, уу өкүмүндө болот. Буга адистер чечим кылат.
13–зул-каъда, 1434-х.
19–сентябрь, 2013–м.
buy lasuna pill – cheap himcolin generic himcolin for sale online
benemid 500mg generic – monograph order online tegretol 400mg oral
order baclofen sale – feldene 20mg pills piroxicam order online