«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (ыйман-итикаддуу)заттарды (жер жүзүнө) халифа-өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм-бекем кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин тынчтык-бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (неъмат) кылса, анда, алар итаатсыз кишилер» [24:55]
Басма сөз баянаты
Хизбут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмүнүн төрагасы инженер Усман Баххаштын Индонезияда болуп өткөн «Халифалыкты тикелөөдө уламалардын ролу» конференциясында сүйлөгөн сөзү
Хизбут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмүнүн төрагасы инженер Усман Баххаш «Халифалыкты тикелөөдө уламалардын ролу» деген конференцияга скайп аркылуу катышты. Конференция хижрий 1434-жылы 18-зул-каъда, миладий 2013-жылы 24-сентябрда Индонезиянын Жакарта шаарында болуп өттү. Сөздүн толук тексти төмөндө берилет:
بسم الله الرحمن الرحيم
Өзүнүн мубарек Китебинде:
«(Эй Мухаммад үммөтү), адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар. Анткени, силер маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер» [3:110]
деп акыйкат сөздү айткан Аллахка мактоолор болсун.
Мужахиддер жетекчиси Расулуллахка салату-саламдар болсун. Ал зат айтат:
«لَتَأْمُرُنَّ بِالْمَعْرُوفِ، وَلَتَنْهَوُنَّ عَنِ الْمُنْكَرِ، وَلَتَأْخُذُنَّ عَلَى يَدِ الظَّالِمِ، وَلَتَأْطِرُنَّهُ عَلَى الْحَقِّ أَطْرًا، أَوْ لَيَضْرِبَنَّ اللَّهُ قُلُوبَ بَعْضِكُمْ عَلَى بَعْضٍ، وَلَيَلْعَنَنَّكُمْ كَمَا لَعَنَ بَنِي إِسْرَائِيلَ»
«Албетте, маъруфка буюрасыңар жана мункардан кайтарасыңар, залимдин колунан кармап аны акыйкатка ийип коёсуңар. Антпесе, Аллах айрымдарыңар дилдерин айрымдарыңарга урат жана Бани Исраилди наалаттагандай силерди наалаттайт» (Абу Давуд жана Термизий риваяты).
Эй, бул динге жардам берүү жана Аллах калимасын бийик кылуу үчүн Жакартада топтолгон урматтуу уламалар, мен силерге Ислам саламын жолдойм. Силерге Аллахтын саламы, рахматы жана берекеси болсун.
Өткөн ражаб айында силер өткөргөн Халифалык конференциясына катышуу аркылуу Аллах бизди сыйлагандан кийин мен силер менен скайп аркылуу болсо да маектешүүм мени өтө кубантты. Мен бул конференциянын утушу үчүн күндү түнгө улаган урматтуу адамдарды өз көзүм менен көрдүм. Аллах аларды эң жакшы сыйлыктар менен сыйласын.
Эй урматтуу уламалар!
Адамдарга илимди баян кылуу аманатын Расулуллах A силерге ишенип калтырды, силерди адамдарга диндеги билбеген өкүмдөрүн үйрөтүүдө мураскор кылды. Термизий риваят кылган хадисте:
«… وَإِنَّ الْعُلَمَاءَ وَرَثَةُ الأَنْبِيَاءِ»
«Уламалар пайгамбарлардын мураскорлору» деп келет.
Адамдар уламаларсыз наадандарга айланышат. Бул наадардарга инсан-жин шайтандары ар тараптан жапырылып, аларды адашуу баткагына батырат. Ошондуктан, уламалар жер жүзүндөгү адамдарга Аллахтын берген неъматы болуп эсептелет. Анткени, алар – караңгылыкты жарык кылуучу чырактар, хидаятка баштоочу имамдар о.э. жер жүзүндөгү Аллахтын хужжаты. Алар аркылуу адаштыруучу пикирлер өчүрүлөт жана дилдердеги шек-күмөн тазаланат. Расулуллах A аларды жылдыздарга окшоткон:
«إِنَّ مَثَلَ الْعُلَمَاءِ فِي الأَرْضِ كَمَثَلِ النُّجُومِ يُهْتَدَى بِهَا فِي ظُلُمَاتِ الْبِرِّ وَالْبَحْرِ. فَإِذَا انْطَمَسَتِ النُّجُومُ أَوْشَكَتْ أَنْ تُضِلَّ الْهُدَاةَ»
«Жер жүзүндө уламалардын мисалы кудум жылдыздар сыяктуу. Кургактык-деңиз караңгылыктарында бул жылдыздар аркылуу жол табылат. Эгер, жылдыздар жаркын болбосо жол баштоочуну да адаштырууга жакын калат» (Ахмад риваяты).
Мусулмандардын жаркын тарыхы уламалар ээлеген эр жүрөк позицияларга толуп ташкан. Мусулман уламалары акыйкатты ачык айтышкан, маъруфка буюруп, мункардан кайтарышкан жана эгер аким зулум кылса, зулумга каршы күрөшкөн. Алар ар дайым Үммөткө жетекчилик жана жолбашчылык кылышкан. Үммөт балээ жана апааттарда дин илимин алуу үчүн аларга кайрылган, маанилүү иштерде жана акимдердин зулумун токтотууда кеңеш сурап аларга жүздөнүшкөн. Уламалар болсо аким жана валийлерге Роббини эстетишкен. Уламалар кээде султандар тарабынан куугунга кабылышса, кээде камакка алынышкан, кээде болсо малдарына жана жандарына зыян жеткирилген о.э. сый-урматтары тебеленген. Бирок, алар Аллахтын алдындагы жоопкерчиликтерин бийик тутушканы үчүн бекем туруп Расулуллах Aдын:
«سَيِّدُ الشُّهَدَاءِ حَمْزَةُ بْنُ عَبْدِ الْمُطَّلِبِ وَرَجُلٌ قَامَ إِلَى إِمَامٍ جَائِرٍ فَأَمَرَهُ وَنَهَاهُ فَقَتَلَهُ»
«Шейиттердин саййиди – Хамза жана залим имамга каршы туруп каршы туруп, аны амри маъруф жана нахий мункар кылган, имам аны ушул себептүү өлтүргөн киши» (Хаким риваяты) деп айткан сөздөрүн өз иштерине негиз кылып алышкан. Ооба, өтмүштө уламалардын адаты ушундай эле. Кийин алгач Европа колонизаторлугу, кийин Америка колонизаторлугу келди. Кафирлер өздөрүнө кызмат кыла турган бир нече уламаларды жетиштирип чыгаруу үстүндө иштешти. Алар өздөрүн «улама» деп эсептешти, бирок, колонизаторлук шайтаны алардын көңүлүнө салган нерсеге карап фатва чыгарышты. Бул фатвалар Аллах арам кылган батылды мубах кылып, Аллах важиб кылган фарзды арам кылды. Алар фатваларында адамдарга диндерин бузуп көрсөтүшүп, колонизатордун каалоосуна ылайык фатваларды чыгарышты. Ал эми, колонизатордун каалоосу – Үммөттү өз өкүмдарлыгына моюн сундуруу жана өздөрүнүн вазъий мыйзамдарын хакам кылуу.
Мен айрым фактыларды келтирүү менен чектелемин:
1 – Англис колонизаторлорунун Мисирдеги куурчагы Мухаммад Абдухтун «Фатва хиндия» деген фатвалары ушундай фатваларга кирет. Андан «англистердин колунда иштеген мусулман Аллах түшүрбөгөн нерсе менен өкүм жүргүзгөн англис мыйзамдарынан өкүм алышы жайизби», деп суралганда, ал узундан-узун жооп бергенден кийин мындай тыянак кылган: «Мусулман Индиядагы англис өкмөтүндө иштөөнү кабыл алышына жана анын мыйзамдары менен өкүм кылышына уруксат. Бул уруксат «Эки зыяндын жеңилин кылуу» коидасынын бабына кирет». Ал муну менен гана чектелип калбастан: «Эгер, бул нерседен Исламды кубаттоо жана мусулмандардын кызыкчылыгын коргоо көздөлгөн болсо, анда, ал азима (милдеттүү) болушу мүмкүн» деп сөзүн улантат. Субханаллах, Аллахка күнөөкөр болуу жана колонизатор кафирге итаат кылуу кантип азима болсун.
2 – 1990-1991-жылкы Булуң согушунда Ибн Баз о.э. Саудия бийлигинин уламаларынын жогорку комитети Ирак кошуунуна каршы согушуу жана Иракты Кувейттен чыгаруу үчүн кафир Американын күчтөрүнөн жардам алуу жайиздигине фатва берди. Акыйкатта болсо, бул фатва Аллах Тааланын:
«Аллах эч качан кафирлер үчүн момундар үстүнөн жол бербейт» [4:141]
деп айткан сөзүнө жана Расулуллах Aдын:
«لاَ تَسْتَضِيئُوا بِنَارِ الْمُشْرِكِينَ»
«Мушриктердин отунан жарык албагыла», деп айткан сөзүнө тескери. Ал тургай, бул Мухаммад ибн Абдулваххабдын мазхабына да тескери эле. Мухаммад ибн Абдулваххаб мусулмандарга каршы мушриктерден жардам алууну динди бузуучу иштерден деп эсептеген жана буга Аллах Тааланын ушул сөзүн далил кылган:
«Силерден ким аларга дос болсо, анда, ал ошолордон. Албетте, Аллах залим коумду хидаят кылбайт» [5:51]
Ибн Баз жана ал сыяктуулар бул далилдерге көз жумушту жана «Кара үйдө» иштелип чыккан жана Вашингтондо бышырылган фатвага таянышты. Бул уламалар Ирак мусулмандарынын каны төгүү күнөөсүн өз монуна алып кайтышты.
3 – Азхар шейхи Ахмад Таййиб да Мухаммад Мурсийге каршы ыңкылапта генерал Сисий тарабында турду. Мухаммад Мурсий Исламды колдонбоду, ал да кафир демократия принциптерине моюн сунду. Ошого карабастан, Азхар шейхи сакалдуу президент жетекчилигиндеги жасалма демократияга чыдай албады. Ошондуктан, ал Мухаммад Мурсийдин кулатылышын мыйзамдуу деп эсептеп актоо аркылуу Вашингтон саясатчыларына бапаадар болууну абзел көрдү.
Эй урматтуу уламалар!
1924-жылы кафир Батыш мамлекеттери Халифалык мамлекетин кулатышкандан кийин Ислам Үммөтүн мажбурдуу түрдө ыдыратышты жана куфр өкүмдөрүн колдоно турган, адамдарды зулум менен башкара турган малай акимдерди орнотту. Кийин Мустафа Камал жана анын изинен барган акимдер мусулмандарды мажбурий батышташтыруу үчүн чабуул башташты. Алар мусулмандарга кафир Батыштын материалдык хазаратынын ууларын ичирүү үчүн алардын арасында үгүттөө иштерин алып барышты, бул хазаратка ыраазы болбогондорду коркутушту. Өздөрүнүн саясатына жүргөндөргө түрдүү мансаптарды беришти о.э. өткүнчү дүйнө лаззаттарын таттырышты. Аларга каршы чыккан, акыйкатты ачык айткан жана батылга каршы күрөшкөндөр репрессияга кабылды. Мындай адамдардын канчалары камалды, канчалары изсиз жоголду жана дагы канчалары өлтүрүлдү. Ал тургай, алардын үй-бүлөлөрү, катарлаштары жана аларга жардам бергендер да куугунтукка учурады. Алардын акыркысы, ушул айда Россия, Ирак, Тажикстан жана Өзбекстанда бир топ Хизбут-Тахрир жигиттери шейит болду. Аллах алардан ыраазы болсун.
Бүткүл дүйнө, Аллах Өз Китебинде берекелүү деп айткан жана Расулуллах A:
«عُقْرَ دَارِ الإِسْلامِ»
«Ислам диярынын борбору» деп сыпаттаган Шам Сириясындагы дагы эле кан төгүлүп жатканына күбө.
Куфр мамлекеттери жана алардын планы боюнча кадам шилтеген Ирандагы, Булуңдагы, Түркия жана Иорданиядагы мусулман акимдери Шамдагы мусулмандарга кафир илманийликти кабыл алышмайынча химиялык же жарылуучу куралдар менен өлүтүрүлүүнүн бирин тандоону сунуш кылышууда.
Айта турган болсок кеп көп…
Бирок, мен бул мубарек жыйынга куттуктоо жолдоо жана ушуларды айтуу менен чектелемин. Илим мойнуңарда аманат, ошондуктан, Аллах акысы, силерди адамдарга дин фарздарын баян кылууга чакырам. Бул фарздардын башы – Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылуу. Мусулмандардын азиздиги, улуулугу жана Роббинин ыраазылыгы ушул Халифалыкта.
Мусулман өлкөлөрүнүн чыгыш-батышындагы талкуу-тартышууларын күзөткөн адам силер куфр пикирлерин талкалап, Ислам пикирлерин жаркын көрсөтүп беришиңерге абдан муктаждык бар экенин түшүнүп жетет, куфр мамлекеттеринин пландарына каршы турууда о.э. мусулмандарды адаштырып, душмандын пландарын үгүттөп жаткан малай саясатчылардын жана муфаккирлердин чыныгы жүзүн ачыктоодо адамдарга башчылык кылышыңарга абдан муктаждык бар экенин да түшүнүп жетет. Ошондуктан, Үммөттү ушуларга чакырууда биз менен бирге болосуңар деп үмүт кылабыз:
1 – Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Исламий жашоону кайра баштоо үчүн даъватты жеткирүү. Халифалык – мусулмандардын жалпы башкаруусу. Ал регионалдык да, улуттук да мамлекет эмес. Халифалык Ислам акыйдасына, ичкериде Исламды толук колдонууга жана адамдарды караңгылыктан нурга алып чыгуу үчүн дүйнөгө Ислам даъватын жаюуга негизделет.
2 – Расулуллах Aдын жолунан үлгү алып пикирий жана саясий күрөш аркылуу бийликти алуу үчүн Үммөткө жетекчилик кылуу.
3 – Эч бир абалда учурдагы түзүмдөргө жасакерленбөө, алардын фитналарын жана жасалма саясаттарын, адаштыруучу шахсияттарды ачыктоо.
4 – Булардын баарында урааныбыз Расулуллах Aдын ушул сөздөрү болушу керек:
«وَاللَّهِ لَوْ وَضَعُوا الشَّمْسَ فِي يَمِينِي وَالْقَمَرَ فِي يَسَارِي مَا تَرَكْتُ هَذَا الأَمْرَ حَتَّى يُظْهِرَهُ اللَّهُ أَوْ أُهْلِكُ دُونَهُ»
«Аллахка ант болсун, эгер оң колума күндү, сол колума айды коюшса да бул ишти таштабаймын. Аллах бул динди үстөм кылат же ушул жолдо өлүп кетем».
Биз Аллах бизге берген ушул убадасын аткарышына таптакыр күмөн кылбайбыз:
«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (ыйман-итикаддуу)заттарды (жер жүзүнө) халифа-өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм-бекем кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин тынчтык-бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды.«Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (неъмат) кылса, анда, алар итаатсыз кишилер» [24:55]
Аллах Субханаху ва Тааладан кечиктирбей, тезирээк бизге дини аркылуу нусрат беришин жана биз аркылуу динге нусрат беришин сурап калабыз. Бул, Анын колунда жана Ал буга кудуреттүү.
Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.
Усман Баххаш
Хизбут-Тахрирдин
Борбордук басма сөз бөлүмүнүн төрагасы