2013-жылы 24-сентябрда Россиянын Казан областынын соту «Ихлас» мечитинин имамы Рустам Савинди Хизбут-Тахрир сакафатына активдүү үгүттөө айыбын койуп, Россия Федерациясынын кылмыш кодексинин 282-берене 1-пункту менен 2 жылга эркинен ажыратуу жөнүндө токтом чыгарды.
Рустам Савин Россия коопсуздук күчтөрүнүн 2012-жылы июль айында жасаган зомбулугунан мусулмандарды коргоодо күжүрмөн аракет кылганы себептүү сот кылынды. Ошондо имам Савин «Ихлас» мечитинин бир топ өкүлдөрү менен биргеликте камакка алууларга жана тергөөлөргө дуушар болуп жаткан жүздөгөн мусулмандарды колдоп-кубаттоо үчүн демонстрацияларды уюштурган. Бул демонстрациялар муфтий Фагизовго белгисиз түрдө кол салынышы, орунбасары Валиюллох Якубовдун өлтүрүлүшү артынан уюштурулган. Бул окуя бүткүл Татарстан республикасы бойлоп үйлөргө бастырып кирүү жана камакка алуулар аркылуу мусулмандардын репрессияларга кабылышына себеп болгон.
Имам Савин мечит өкүлдөрү менен бирге өткөргөн ушул нааразылык демонстрациялары Татарстандагы мусулмандар тарабынан колдоп-кубатталды, окуялар агымына ачык-айкын таасир кылды, алардын таасиринде камакка алынган бардык мусулмандар бошотулду жана калгандар үстүнөн издөө иштери токтотулду. Мындан тышкары, Расулуллах rдын роя жана ливалары астында өткөрүлгөн ушул демонстрациялар өз тегерегине көптөгөн мусулмандарды топтоду жана аларды таасирдүү күжүрмөн күчкө айлантты. Ушул исламий алака акыйкаты коопсуздук жооптууларын көптөгөн зомбулуктарды жасоодон тыйып койду, бирок кийинчерээк көптөгөн репрессияларга барышына себеп болду.
Кийин «Ихлас» мечити кандайдыр бир расмий себептер менен жаап коюлду, андан соң бузуп ташталды. Аллахтын үйлөрүнүн бири ушундай акарат көрүнүштө бузулушу артынан имамы камакка алынды…
Режим ушундай ыплас ыкма жана каражаттар менен мусулмандардын биригүүсүнө, Аллахтын дини болгон Исламдын жеңип чыгышына алып бара турган ар кандай иштен кутулууга урунууда. Бирок, бул иблистин кулдары Исламдын жайылышын токтотууга урунушпасын, Аллахтын уруксаты менен, аракеттеринин акыбети албетте ооматсыздык жана жеңилүү менен бүтөт, анткени Аллах Таала кафирлер каалашпаса да, Өз нурун ар тарапка толук жаюуну убада кылган.
Хак Субханаху айтат:
«Куфр жолун карманган кимселер аларга берген мөөнөтүбүздү эч качан өздөрү үчүн жакшылык деп эсептешпесин! Тескерисинче, биз аларга күнөөлөрүн ашырышы үчүн гана мөөнөт беребиз. Алар үчүн кор кылуучу азап бар» 3:178
Хизбут-Тахрирдин
Россиядагы басма сөз бөлүмү