Кытай акыркы үч айдын ичинде Борбор Азиянын энергетика инфраструктурасы тармагына 50 млрд. доллардан ашыгыраак каражат жумшады. Анткени, Кытай дал ушул аймак аркылуу “жаӊы жибек жолун” өткөрүүнү каалайт.
2013-жылдын үчүнчү кварталында Кытайдын сыртка финансы жаткырышы 100 млрд. доллардан көп болгон жана бул каражаттын жарымы Кытай президенти Си Цзинпин өткөн айда расмий сапар менен айланып чыккан Борбор Азия мамлекеттерине туура келет.
Си Цзинпин сентябрь айында Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан республикаларына барып, ошол мамлекеттер менен маанилүү келишимдерге кол койгон эле. 2013-жылдын үчүнчү кварталындагы Кытайдын ири финансылык келишимдери энергетикалык долбоорго байланыштуу болду. Казакстанда Кытай жалпы баасы 30 млрд. Долларга барабар болгон 22 келишимге кол койду. Өзбекстан менен 31 келишим түздү жана бул келишим 15,5 млрд. долларга барабар болду. Мындан тышкары, эки мамлекет дагы бир жаӊы нефть түтүгүн курууга келишип алышты. Мындан тышкары Кытай өзбек-кытай транс чегаралык темир жолу курулушун финансылоону баштады. Түркмөнстан менен жаӊы газ түтүгүн куруу менен бирге 7,6 млрд. долларлык келишимге кол коюлду. Кыргызстанда болсо жалпы баасы 5 млрд. доллар болгон сегиз келишимге кол коюлду жана алардын эӊ чоӊу жаӊы газ түтүгүн куруу үчүн 1,4 млрд. доллар кредит бөлүү болду.
Туркистон:
Кытай өзүндө экономикалык өнүгүүнү камсыздоонун акысына, дүйнөдөгү жетекчи мамлекеттер менен алсыз мамлекеттерди колония кылууну талашпастык тууралуу жашыруун жана ашкере келишимдерди түзүп, ага амал кылып келет. Бирок, акыркы убактарда Кытай экономикасы үчүн кооптуу абалдар пайда боло баштады. Бул негизинен анын экспорт жана импорт теӊ салмактуулугун кармап туруудагы проблемаларына барып такалат. Кытай дүйнөнүн өтө чоӊ базарын ээледи. Бирок, ошол базарларга продукция жеткирип берүүдө сырё танкыстыгына дуушар болду. Бул болсо, андан базарларга чыгаруучу продукцияларын кыскартууну же сырё базалары болгон алсыз мамлекеттерди жок эле дегенде экономикалык колония кылууну талап кылат. Бүгүнкү күндө анын алдында башка жол жок. Болбосо, сырё танкыстыгы ичкериде товар дефициттигине алып барат. Бул болсо, инфляция жана иштеп чыгаруудагы чоӊ банкротторго себеп болот.
Ошондуктан, Кытай, АКШ менен Россиянын Борбор Азиядагы кызыкчылыктары тескери келип калган абалдардан пайдалана баштады. Түпкүлүгүндө, АКШ анын түшүп калган оор абалынан пайдалана баштады. Ал Россиянын колония аймагына, АКШ сыяктуу анын каалоосунан тышкары абалдар менен кирип келе баштады. Бул Кытай үчүн саясий жактан бир топ проблемаларды келтирип чыгарышы мүмкүн. Россия менен көптөгөн жылдардан бери жанма-жан бара жаткан саясий кызматташтыктарында ажырым пайда боло баштады. Бирок, Россия азыркы алсыз абалында Кытайга муктаж. Ошондуктан, ал менен алакаларын кескин өзгөртө албайт.
Бирок, Россия бурчка кысылып бара жаткан келемиш сыяктуу абалга түшүп бара жатат. АКШ менен региондо саясий атаандаштыкка жарабаганы сыяктуу эле, Кытай менен да экономикалык колония кылууда атаандаша албайт. Ал үчүн аскерий колониясын кармап калуу багыты гана калды. Бул болсо, тынчтык абалында көп пайда бербей турган жол болуп, чыр-чатакты жасалма жол менен болсо да келтирип чыгарууга үндөйт.
Жыйынтыктап айтканда, Кытай АКШнын Россияны талкалоо долбоорундагы колдонуп жатканы олуттуу куралына айлана баштады. Бул болсо, регион коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн өтө жаман абал.