ЛАВРОВ: КҮЧТӨР ТАРАЗАСЫ ИСЛАМИЙЛЕРДИН ПАЙДАСЫНА ООП БАРУУДА

372
0

Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров “Сирия каршылык кыймылы ичиндеги күчтөр таразасы исламийлер пайдасына ооп барууда” деп баса белгиледи.

Лавровдун айтуусу боюнча, жихадий топтор курал-жарак запастарын жана мындан тышкары чет элдик жардамдарды алуу үчүн о.э. түрдүү аймак жана борборлорго ээлик кылуу үчүн топ-топ болуп муътадил куралдуу топтор менен бирге согушка киришет.

Исламий күчтөр согушта жеӊишке жетишкенден кийин Сирия улуттук коалициясын тан албастыгын жарыя кылган эле. Россия тышкы иштер министри буга да көӊүл бурду. О.э. исламий топтордун Мухаммад Захрон Алваш башчылыгында “Жайшул Ислам” аттуу жамаат түзгөндүгүн жана Сирияда шариятты тикелөөгө бел байлагандыгын да айтып өттү.

Москва келечекте дал ушул сценарий жүз беришинен эскерткендигине көӊүл бурган Лавров жихадий топтордун көпчүлүгүнүн – алардын тили менен айтканда – эл аралык терроризмге тиешеси бар экендигине жана бүткүл дүйнөлүк Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн Сирия эле эмес, балким, бүт дүйнөнү талкалоого даяр экендигине ишара кылды.

Сергей Лавров бул тууралуу чоӊ сегиздик мамлекеттеринин акыркы саммитиндеги Россиянын сунушу өтө орундуу жана маанилүү сунуш болгондугун баса белгиледи. Саммитте Россия Асад күчтөрү менен муътадил каршылык кыймылы биригип өлкөдөн террористтерди (исламий топторду) кууп чыгаруу жана алардын ишмердүүлүгүнө чекит коюу үчүн бар болгон күчүн жумшоо чакырыгы менен чыккан эле.

Башка бир тараптан Германиянын Der Spiegel журналына интервью берген Башар Асад: “Куралдуу күчтөр менен сүйлөшүүдөн пайда жок”, – деп айтып, Сирияда эмнелер болуп жатканын башкаларга караганда Россия жакшыраак түшүнүп турганын баса белгиледи.

 Туркистон:

Исламдын турмушка жаӊы система катары кайтып жатканынан дүйнөлүк система коркууга түшүп турган абалынан пайдаланып, Россия Сириядагы мусулмандарга карата сунушталып жаткан камал кылуу долбоорун тездетүүгө жетишмекчи. Азыркы кырдаалда бул долбоордун тагдыры бир гана АКШнын ыктыярына өтүп калды. Ошондуктан, Россия Евробиримдик сыяктуу, эл аралык коомчулуктун көӊүлүн буруу аркылуу АКШга басым өткөрүүгө аракеттенет же кырдаалдын олуттуу экендигинен эскертип, аракетке үндөйт.

Ар кандай абалда да, Россия дүйнөнүн жетекчи мамлекеттерин Асаддын жырткычтыгына шерик болууга үндөп жатат. Бул болсо, саясатчылар түшүнүп тургандай, куфр дүйнөсүнүн Ислам дүйнөсү үстүндөгү акыркы чабуулу болот, инша Аллах. Лавров, Путин, булар дүйнөнүн тагдыры чекитинен туруп пикирлөө даражасынан алда качан эле түшүп кеткен саясатчылар болушуп, тескерисинче, сунуштап жаткан иштери ал тургай, Россия үчүн кандай натыйжаларды алып келишин да түшүнө алышпайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here