ХИЗБУТ-ТАХРИР УКРАИНАДА ФОРУМ УЮШТУРДУ

348
0

Хизбут-Тахрир тарабынан Крым вилаятында уюштурулган конференция Украина разведкасы жана коопсуздук күчтөрү тарабынан катуу каршылыкка учурап, токтотуп коюлгандан кийин, хизб жигиттеринин активдүү аракети себептүү Ленин аянтында жайгашкан театр залында форум уюштурулду.

Форумга Хизбут-Тахрир – Украина маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Фазил Хамзаев башчылык кылды. Мурда айтып өткөнүбүздөй, форумга Хизбут-Тахрирдин борбордук маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Усман Баххош, Хизбут-Тахрир – Голландия маалымат бөлүмүнүн өкүлү Окай Пала, Хизбут-Тахрир – Англия маалымат бөлүмүнүн өкүлү Тажи Мустафа жана Хизбут-Тахрир – Түркия маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар катышты.

Форумдун алып баруучусу Фазил Хамзаев Россия, Өзбекстан жана Кыргызстан сыяктуу кошуна мамлекеттердин басымы астында Украина коопсуздук кызматы конференцияга тыюу салып койгондугун айтып өттү. Хамзаев конференцияга тыюу салынгандан кийин журналисттердин “Хизбут-Тахрирге жана анын Орто Азиядагы ишмердүүлүгүнө” тиешелүү суроолоруна жооп берүү үчүн ушул форум уюштурулгандыгын маалымдады.

Хизбут-Тахрирдин борбордук маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Усман Баххош Хизб 1953-жылы түзүлгөндүгү о.э. Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн пикирий жана саясий иш-аракет алып барышы тууралуу сөз сүйлөдү. Ал эч бир көрүнүштө куралдуу иш аракет алып барууну услуб катары табанний кылбагандыгын баса белгиледи. Ошондой болушуна карабастан, кээ бир өлкөлөрдө, айрыкча, Орто Азия мамлекеттеринде Хизбут-Тахрир мүчөлөрүнүн камакка алынып жаткандыгы жана кол салууларга дуушар болуп жаткандыгы жөнүндө айтып өттү.

Форумга “Крым” маалымат агенттиги, Украина адам укуктары уюму, ICTV телеканалы, ИНТЕР телеканалы, Navoros интернет сайты катышты. О.э. “Мемориал” укук коргоо уюмунун Борбор Азия долбоорунун жетекчиси Виталий Понамарёв, “Возрождения” гезитинин кабарчысы Анвар Кадиров жана Кыргызстандык укук коргоочу Равшан Гапиров сыяктуу бир нече таанымал адамдар катышты.

Форумда төмөнкү суроолор ортого ташталды:

Хизбут-Тахрир Украина жана Европада Халифалыкты тикелебесе, анда эмне үчүн бул өлкөлөрдө иш алып барууда?

Хизбут-Тахрир антисемитизмге (яхудий динине же улутуна душман катары кароого) майилби?

Хизбут-Тахрирдин финансылык камсыздоосу каяктан келет?

Халифалык тикеленгенден кийин кайрымусулмандар менен кандай мамиледе болот?

Хизбут-Тахрирдин борбору Англияда деген кабарлардын канчалык чындыгы бар?

Хизбут-Тахрир Түркияда иш-аракет алып баруудабы? Украинадагы түрк дин өкүлдөрү Түркияда Хизбут-Тахрир жоктугу туурасында айтышат, ушул нерсе чындыкпы?

Форум ушул суроолорго толук жооп берүү менен аяктады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here