КЫРГЫЗСТАНДА ИСЛАМИЙ ОЙГОНУУГА КАРШЫ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТӨТ

251
0

2013-жылы 24-ноябрда, Бишкекте «Борбор Азиядагы исламий ойгонуу процесси алкагындагы интеллектуалдык демилге» деген аталыштагы конференция өткөрүлүшү пландаштырылууда. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикистан, Россия, Кытай, Иран, Түркия, Пакистан жана Афганистан мамлекеттеринен котур ташын койнуна коомдук ишмерлер, динин дүйнө матасына саткан “диний аалымдар” жана динпуруш эксперттер чакырылмакчы.

Уюштуруучулардын айтымында, «Конференция Борбор Азия мусулмандар жамаатындагы пикирий, рухий, саясий-социалдык кризисти жоюу жана радикализм чакырыгына интеллектуалдуу жооп берүү үчүн, исламий аалымдар жана эксперттерге баарлашуу майданын жаратып бермекчи».

Негизи, конференция жүрүшүндө: мусулмандарды радикализмден токтоолукка чакыруу шылтоосу менен аларды чыныгы Исламдан тосуу; Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш о.э. Борбор Азияда эле эмес, балким бүткүл дүйнө бойлоп өз ара тыгыз байланышта өнүгүп бараткан  исламий ойгонуу процесси феноменин бөлүп-жаруу; чыныгы Ислам идеологиясына каршы “салттуу исламды” коюу – мына ушул маселелер талкууланмакчы жана аларды ишке ашыруудагы “исламий лидерлердин” орду ачыкталмакчы.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here