АКМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВ БАШКЫ ПРОКУРАТУРА КОЗГОГОН КЫЛМЫШ ИШИ БОЮНЧА КАМАККА АЛЫНДЫ

554
0

2013-жылдын 19-ноябрында Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековго Кылмыш кодексинин 303-беренеси (Коррупция) боюнча жана 304-беренесине ылайык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Коррупция беренеси боюнча Келдибековго 2005-жылы Социалдык фонддун 21 миллионго жакын сомун негизсиз короткон деген айып тагылды.
Келдибеков ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жогорку Кеңештин эл аралык парламенттик уюмдардагы атайын өкүлчүлүктөрүнүн ишмердигин координациялоо маселелери боюнча атайын кызмат ордун мыйзамсыз түзгөнү жана аны каржылоого республикалык бюджеттен 10 миллион сом бөлүнгөнү айтылууда. Мындан сырткары салык кызматынын функцияларын “Ротак-Бишкек” фирмасына мыйзамсыз өткөрүп берген деген да айып бар.

Учурда Келдибеков УКМКнын убактылуу кармоо жайында кармалууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here