КЫРГЫЗСТАН: ОШ ШАААРЫНЫН МЭРИ ХИЖАБ КИЙГЕН ОКУУЧУ КЫЗДАРДЫН УКУГУН ЧЕКТЕБӨӨГӨ ЧАКЫРДЫ

265
0

Мэрия апаратынын жыйынында Ош шааарынын мэри Мелис Мырзакматов хижаб кийген окуучу кыздардын укугун бузбоого чакырды.

Ош мэринин айтуусу боюнча, Кыргызстанда мыйзамдуу тартипте мектеп формасына тиешелүү жалпы эреже жок. Мындан тышкары шаар башчысы Кыргызстан Республикасында дин тутуу ар бир жарандын жекече иши экендигин, ошондуктан да диний адамдардын укуктарын чектөөгө болбостугун айтты.

“Шаардык бийликте хижаб кийүүгө тыюу салуу үчүн мыйзамдуу негиз жок”, – деди Мелис Мырзакматов.

О.э. мэр: “ Окуучу кыздардын кыска юбка кийип, ар түрдүү клубдарга барып алкоголдук ичимдиктерди ичкенге караганда хижаб кийип туура диний турмушта жашаганы жакшы”, – деди.

Туркистон: 

Кыргызстандан келип жаткан кабарларга караганда, мектептерде диний кийимдерге каршы мыйзамсыз аракеттер күчөгөн. Ал тургай, Бишкекте ушул иш боюнча соттук процесстер болуп өткөн. Бирок, ошого карабастан, билим берүү министрлиги ГКНБ менен кызматташтыкта хижаб кийгендерге каршы көмүскө иш алып барып жатканы тууралуу арыздануулар көп.

Жогорудагы шаар мери туура маселе көтөрүптүр. Бузукчулук жөнүндөгү Батыш дүйнөкарашындагы түшүнүктөр, кыска юбка кийип, алкоголдук ичимдиктерди ичүүнү кадимкидей эле көрүнүш деп кабыл алат. Алардын назарында ахлакий бузуктук исламий баалуулуктарыбыздын урфтарыбызга кирип келе жатканынан деп билишет. Максаттары, коомдун исламийлешип бара жатышынын алдын алуу.

Кыргызстанда бул ишти мыйзамдаштыруу кыйын эмес. Бирок, Кыргызстан калкынын менталитети жана өкмөттүн саясий абалы азырынча бул ишти кечиктирип келе жатат. Бирок, кыргыз өкмөтү исламий урфтардын коомго кирип келе жатканына каршы күрөшүүнү убада кылып жыл сайын Батыштан чоӊ өлчөмдө акча алып турат. Демек, бул сыяктуу иштер мына ошлордун алдында отчёт берүү үчүн жүргүзүлөт.

Учурда Ислам жана мусулмандарга каршы идеологиялык күрөштө өз өлкөлөрүндө Батыштын өзү жеӊилип турган убакта, кыргыз мусулман демократтары кантип жеӊишке жетишсин. Ал тургай, булар алып барып жаткан иштерининин маанисин өздөрү да түшүнүшпөйт. Болгону, материалдык пайда үчүн иш кылышат. Бул иштерди аткаруучулардын өздөрү да ушул ишке ыраазы эмес. Т.а. иштин чыныгы маанисин түшүнө алышпайт.

Эгерде алар т.а. мусулман аткаруучулар аткарып жаткан иштеринин эки дүйнөдөгү акыбетинен кабардар болушканда эле. Балким арзыбаган акча үчүн ыймандарын сатышпаган болт эле жана бул иштерге каршы күрөшө алышпаса, иштен чыгып кетишет эле. Анткени, бул иштер “халваны аким жеди, калтекти жетим” деген макалды эстетет. Ал эми бул күрөш үчүн Батыштан алынуучу акчалар болсо аткаруучу мугалимдерге жетип келбейт. Аларга болгону наалат гана жетет. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here