КАНКОР ӨЗҮН КАНКОРМУН ДЕЧҮ БЕЛЕ

258
0

Бүгүн Египет премьер-министри Хазим аль-Баблавий “Мусульман агайындардын”ишмердүүлүгүнө тыюу салуу керек деген сунуш менен чыкты.

“Биз өз калкына каршы ок аткандар менен, колу өз калкынын канына боёлгондор менен келишүүлөргө бара албайбыз. Ким мыйзамды бузса, аны менен келишүү жок, – деп билдирди премьер-министр журналисттер менен болгон жолугушуусунда, – Биз мамлекетти көөдөлөндүрүп турабыз жана биздин саясий милдетибиз – өлкөнү туура жолго, ар бир жаран активдүү роль ойногон демократиялык мамлекет жолуна кайтарып келүү”, – деп да кошумчалады ал.

ЕСтин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон дүйшөмбү күнү Брюсселде 28 мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлери чукул жыйналыш уюштурушарын жана анда Мисирдеги кырдаалга карата бирдиктүү позиция иштеп чыгыларын билдирди.

————————————————————————————————————-

Рувайбизалар доорун караңыз:

– “Ар бир жаран активдүү роль ойногон мамлекет курабыз”, – дейт да, мамлекеттеги эң чоң партияга тыюу салат.

Кечээги эле митингдерде миңдеген адамдардын канына забын болуп туруп, кайра эле бүгүн “Биз өз калкына каршы ок аткандар менен, колу өз калкынын канына боёлгондор менен келишүүлөргө бара албайбыз” деп чыга келет.

Баскынчылык мыйзамынан башка мыйзамдарга кайрылбастан, бийликти күч менен басып алышат да, анан “Ким мыйзамды бузса, аны менен келишүү жок” деп жанын жешет.

Кафирлер Халифалык урандыларынын үстүнө курган мамлекетчелердин маселелери БУУ, ЕС, Вашингтон сыяктуу куфр борборлору тарабынан чечилип жатканына карабастан, биздин рувайбиза акимдер “Биз мамлекетти көөдөлөндүрүп турабыз” деп, көөдөн кага беришет.

Үммөт бул рувайбизаларга качанга чейин чыдайт. Качанга чейин…

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here