ИРАН ПАРЛАМЕНТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ СИРИЯГА БАРЫШТЫ

268
0

31-августта Иран парламентинин өкүлдөрү Сирия калкына тилектештик билдирүү о.э. учурдагы абалдан чыгып кетүү жолдору тууралуу сүйлөшүү үчүн Дамаскка келишти. Бул делегацияга парламенттеги улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитеттин төрагасы Алауддин Боруджерди жетекчилик кылууда.

Сирияга карата күч колдонууга Иран каршы чыгууда. Иран президенти Хасан Роухани батыш мамлекеттеринин Сирияга аскерий аралашуусуна жол койбостук зарыл экендигин баян кылган. Анын сөздөрүнө караганда, аскерий операция бүт регионго кымбатка түшөт, ошондуктан бул нерсенин алдын алуу үчүн бар мүмкүнчүлүкү ишке салуу зарыл.

Өз кезегинде Ирандын жогорку динаятчысы Али Хаманеи батыш мамлекеттерин Сирияга аскерий аралашуудан эскертип: “Бул нерсе бүт регион үчүн кырсыкка айланат”, – деген.

Батыштык дипломатиялык булактар Сирия бороонуна Батыштын аскерий аралашуусу Ирандын ядролук программасы туурасындагы сүйлөшүүлөргө тескери таасир көрсөтүшү мүмкүн экендигин айтышууда.

Туркистон:

Ирандын коркутуусу АКШга макул келиши мүмкүн.

АКШнын Шам маселеси боюнча түзгөн пландарынын арасында, суннийлер менен шиъалар ортосунда согуш чыгаруу кеӊештери да бар. Ошондуктан, жогорудагы коркутуулар тескери таасир тийгизип жибериши да мүмкүн. Бирок, АКШ бул долбоорду региондон таптакыр үмүтү үзүлгөн убакта ишке ашырууну пландаштырган. Ошондуктан, балким азырынча бул коркутуулардан пайдаланбастыр. Ал эми бул сыяктуу агрессивдүү чыгуулар бир күнү куфр пайдасына кызмат көрсөтүшү мүмкүн. Ал тургай, Ирандын ядролук куралдарын иштетип жиберишине ишара кылуусу менен бүгүнкү күндө АКШны эмес, Ислам өлкөлөрүн коркутуу көздөлгөн. Себеби, АКШ регионду таштап кетүүнүн астында турганда, ал бул жерлерди Ирандын ядролук куралынан эмнеге сактамак эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here