СИРИЯГА ЧАБУУЛ УЮШТУРУУДАН МАКСАТ АСАДДЫ БУТАГА АЛУУ ЭМЕС

332
0

Президент Барак Обама Дамаскка каршы аба чабуулдарынан көздөлгөн максат жөнүндө ачык айта баштады. Ал: “Максат Дамаскта бийликти кулатуу эмес”, – деди. “Биз Сирияга кошуун киргизүү ниетинде эмеспиз. Сөз химиялык куралдар жөнүндө болуп жатат. Сириядагы окуяга аскерий жол менен чекит коюуга болбостугуна толук ишенебиз, Сириядагы проблемаларды бул аракеттер аркылуу чече албастыгыбыз анык”, – деп кошумчалады Обама.

31-август күнү түштөн кийин Обама Ак үйдөн туруп элге жана мыйзамчыларга кайрылуу жасады. “Америка согуштарга тойгон. Биз кандуу кармаштарга аралашууну каалабайбыз. Ирактагы көп жылдык согушту аяктадык. Афганистандагы аракеттерди аяктоого аракеттенип жатабыз. Бизге башка согуш керек эмес”, – деди президент.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин назарында, Вашингтон өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн чара көрүүгө мажбур.

Ошол эле убакта Асаддын тарабын талашып келе жаткан Владимир Путиндин пикиринче, Сирия өкмөтүнө каршы аскерий чара колдонуу акмакчылык болуп эсептелет.

Израиль болсо Обаманы коркоктукта айыптоодо. Маъриф гезити келтиргендей, Израил жооптууларынын бири Обаманын аскерий чабуулду кечиктиришине байланыштуу “Обама коркок” деп айткан.

Туркистон: 

Хизбут-Тахрир кыядаты тарабынан ондогон жылдар мурда кылынган тахлилдер турмуш чындыгынан көрүнө баштады.

Хизб өз пикирлери менен коомчулук ичине кирип, саясий күрөштөрү менен үммөттү ойготот. Ошондо үммөт Пайгамбарлык минхажындагы халифалык мамлекетин талап кыла баштайт. Батыш колонизаторлорунун түзүмдөрүн ыргыта баштайт. Ортолорубуздагы алакаларды куфр башкаруу системасына негизделген мыйзамдар менен тескөөгө чек коёт. Ошондо куфр жетекчилеринин ортосунда карама-каршылыктар күчөйт. Бул карама-каршылыктар алардын кызыкчылыктары ар башка экендигинен келип чыгат. Кызыкчылыктар дегенде алардын геосаясий жактан жайгашуусу, ички жарандардын жана жумушчу күчтөрүнүн негизги бөлүгүн мусулмандар түзүшү о.э. нефть, газ сыяктуу сырьё жана энергетикалык ресурстарсыз алардын экономика жана инфраструктуралары изден чыгып кетүү ыктымалдары түшүнүлөт.

  1. АКШ таптакыр алыста жайгашкан болуп, Халифалык ага азырынча экономикалык жактан жана дүйнө жетекчилигинен айрылуудан башка олуттуу коркунуч туудурбайт. Ошондуктан, системаны кармап калуудан үмүтү үзүлөрү менен, АКШ ага көз каранды болгон бардык мамлекеттерди таштап коңулга кирип кетет.
  2. Европа, Россия, Кытай сыяктуу мамлекеттер болсо, Исламий өлкөлөр менен кошуна региондо жайгашкандыктан, алар өздөрүнүн абалдарынан келип чыгып, Ислам мамлекети менен кандай мамиледе болуу жөнүндө баш катырууга мажбур болушат.
  3. АКШнын Израиль деген бакма күчүгү болсо, ал мамлекет деп таанылбагандыктан, баскынчы катары кууп чыгарылары анык. Ал муну абдан жакшы билгендиктен, чоӊ мамлекеттерден согуштук абалды узагыраак кармап турууну талап кылуудан башка чарасы жок.

Мына ушул кайчы кызыкчылыктар жараткан карама-каршылыктар бүгүнкү күндө башталды. Обаманын сөздөрүнөн, ал дүйнөлүк системаны эмес, АКШ кызыкчылыктарын гана үстөм коё турганы ачык көрүнүп турат. Ар кандай анализдерге карабастан, жетекчи мамлекеттин мындай позицияда турушу дүйнөнү чачыранды абалга алып барат. Анткени, ага караштуу болгон башка мамлекеттер да андан өрнөк алышат жана алар да өз кызыкчылыктарын алдыга коё башташат. Жогорудагы Израиль жетекчилеринин билдирүүлөрү буга далил болот. Бул иштин башталышы гана болуп, эми калгандар да ар түрдүү кызыкчылыктар менен чыга башташат. Натыйжада, бул нерсе  демократияга негизделген дүйнөлүк системанын бузулушуна алып барат.

Бул артка кайтпай турган жараян. Биз, мусулмандардын бул жараяндагы милдетибиз – ар бир ишибизди дүйнө жана акырет кызыкчылыктарына жетишип калуу үчүн кылышыбыз. Бул Аллахтын нусраты болуп, биз мусулмандар ушул нусратка татыктуу абалда, Ага ушул иште кулдук кылып беришибиз гана калды. Бул Аллахтын тагдыры болуп, биз ага ыйман келтирип, акыркы демибизге чейин сабырдуу туруп беришибиз гана калды.

Аллахым жеӊил кыла көр, Өзүӊдөн алыс кылба, өз абалыбызга таштап койбо. Аллахым, Сириядагы боордошторубуздун үстүндөгү зулумду көтөргүн жана иштерибиздин аягын кайырдуу кылгын, Амиин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here