Эмомали Рахмон АКШ транспорт кошуунунун командачысы генерал Вильям Фрейзер менен жолугушкан

318
0

Президенттин маалымат кызматынын кабар беришинче, 22-ноябрь күнү Тажикстан президенти Эмомали Рахмон АКШ транспорт кошуунунун командачысы генерал Вильям Фрейзер менен жолугушкан.

“Жолугушууда коопсуздук, аскерий, саясий, экономикалык жана социалдык тармактардагы Тажикстан жана АКШ кызматташтыгы маселелерине тиешелүү кызуу маек болуп өттү”, – деп айтылат кабарда.

Негизинен 2014-жылдан кийин Афганистан жана региондогу абалдын келечеги тууралуу сөз болду.

НАТОго мүчө мамлекеттердин жүктөрүн Афганистандан Тажикстан аркылуу алып өтүү маселесине токтолгон Эмомали Рахмон “Тажикстан өкмөтү НАТО менен түзүлгөн келишимге ылайык, бул маселеде ар тараптама жардам көрсөтө тургандыгын” баса белгиледи.

Америка генералы Тажикстан географиялык жана стратегиялык жактан Борбор Азияда маанилүү орунда жайгашкандыгын эскертип, “АКШ мындан кийин да аймактык коопсуздукту камсыздоого байланыштуу болгон чегара кошуундары, аскерий курам, коопсуздук органдары, бажыкана жана башка түзүмдөрдү материалдык-техникалык жактан камсыздоодо жардам көрсөтүүнү уланта тургандыгын” өзгөчө белгилеп өттү.

Туркистон:

Тажикстан да Афганистанга кошуна башка мамлекеттер сыяктуу эле, АКШ көтөрүп жаткан ызы-чуудан таасирленди жана аны менен көптөгөн келишимдерге кол койду. Эми болсо ошол убадаларын аткарууга мажбурланат. Натыйжада мусулмандар тарабынан кандайдыр реакциялар жүз беришинин ыктымалы, Рахмонду бир нече жылдардан бери исламий кыймылдарга, жеке адамдар жана баалуулуктарга каршы ачык согуш алып барууга мажбурлады. Мындан тышкары, Россия менен АКШ ортосундагы кызыкчылыктар кагышуусу да аны кыйын абалда калтырды. Кызык жери, ушунча аракеттери, ички же тышкы мусулман боордошторунан коркууга түшүп, алардан куфр күчтөрү жардамында коргонуу максатынан келип чыгууда. Андан да кызыгы, ушул аракеттери мусулмандарды өзүнө каршы провакация кылышы мүмкүн. Себеби шаръий өкүм, анын аракеттеринен ага каршы чабуул алып барууга мусулмандарга уруксат бериши же мажбурлашы да мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here