“АКЧАӉ БОЛСО ЧЕӉГЕЛДЕ ШОРПО”

234
0

Областтар эле эмес Ташкентте да тынымсыз уланып жаткан бензин  таӊкыстыгы Өзбекстанда кызмат көрсөтүүнүн жаңы түрүн пайда кылды.

Бул кызмат төмөнкүдөй, эгерде сиз АЗСтерде нервиӊизди кайнатуучу жана көп убакытты алуучу кезекте турбастан бензин алууну кааласаӊыз, сизге телефон номерин беришет, бул номерге телефон чалып, 20 литрден 60 литрге чейинки бензинди шаардын каалаган жерине алып келип берүүгө заказ кылышыӊыз мүмкүн, а бирок, расмий баасы бир литри 1650 сом болгон бензинди 2500-3000 сомдон алып келип беришет. Буга кошумча, алып келип берүүчүнүн транспорт чыгымын да кошуп төлөйсүз. Бул кошумча кызмат акы заказ кылуучунун алыс же жакын жерде турганына карай белгиленет, а бирок, 15 миӊ сомдон кем эмес.

Бирок, Өзбекстандагы айдоочулардын көпчүлүгү мындай “кызматтан” пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Себеби, ансыз да экономикалык кыйынчылык абалында үй-бүлө багуу үчүн акча табуу проблема болуп турган бир убакта мынча акча карапайым адамдар үчүн өтө чоӊ сумма болуп эсептелет. Ошондуктан да көпчүлүк адамдар машинасын үйүндө калтырып, коомдук транспорттон пайдаланууга мажбур болууда.

Эгерде сиз өзүӊүздүн машинаӊыздан пайдалангыӊыз келип калса о.э. нервиӊиз жана убактыӊызды аябасаӊыз, анда АЗСтин алдында пайда болгон жана бир нече километрге созулуп кеткен кезекте бир нече саат турасыз. Ошондо да эгерде сиздин кезегиӊиз жетип келгенге чейин бензин түгөнүп калбаса 5 литр бензин алуу “бактысына” жетишип калышыӊыз мүмкүн.

Өзбекстан өкмөтүнүн башында турган, өзүнүн жеке кызыкчылыгын гана ойлой турган жетекчилер болсо, турмушка таптакыр туура келбей турган: “Мамлекетибиз 1996-жылы толук энергетикалык көзкарандысыздыкка жана кийинчерээк дан-азык көзкарандысыздыгына жетишти. Бул болсо өз кезегинде ушул продукцияларды чет өлкөдөн ташып келүүгө чыгымдалуучу каражаттарды үнөмдөп калууга мүмкүнчүлүк жаратты. Ошол үнөмдөп калган каражаттардын иштеп чыгаруу тармагын камсыздоого жумшалгандыгы улуттук экономикада реформаларды бир топ алдыга жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берди”, – деген сыяктуу отчёт жана кабарларды 22 жылдан бери кайталап жатышат.

Карапайым калк болсо “таш келсе кемирип, суу келсе шимирип” эптеп күн өткөрүп жүрө берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here