АФГАНИСТАН ӨЗБЕКСТАНДАН 53 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯ САТЫП АЛДЫ

306
0

2013-жылдын тогуз айында Афганистан Өзбекстандан жалпы баасы 53,14 миллион доллардан ашыгыраак болгон электр энергиясын сатып алган.

“Өзбекэнерго” мамлекеттик компаниясынын жетекчисинин орунбасары Розикул Раимов “Адилет” партиясынын жыйынында сөзгө чыгып, 2013-жылдын үч кварталында Өзбекстан Афганистанга жалпы баасы 53,14 миллион доллардан ашыгыраак электр энергия жеткирип бергендигин айтты.

Туркистон:

Өзбекстан жарандары акыркы 10 жылда газ жана свет проблемасына дуушар боло берип бул нерселердин таӊксытыгын жеӊүү үчүн жылытуунун альтернативдик жолдорун табууга аракет кылышып газ жана свет жоктугуна ушунчалык даражада көнүп калышкан дейсиӊ, булардын үзгүлтүксүз камсыздоосу туурасында арзуу да кылбай коюшкан.

  Өзбек өкмөтү болсо  калкынын муктаждыгын жана проблемаларын этибарга албастан жалаӊ гана өздөрү ээ боло турган киреше жана келишимдерди гана ойлошот. Калкты болсо кыштын кыраан чилдесинде суукта калтырышат. 

 Расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда газдын запасы 3.4 триллион куб метрге барабар болуп, мындан ар жылы 60 миллиард куб метр газ казып алынат. Казып алынган бул газдын 17 млрд куб метри Россияга, 4 млрд куб метри Тажикстан жана Кыргызстанга экспорт кылынат. О.э. Кытайга да  газ жеткирип берүүдө. Бул келишимге ылайык,  Өзбекстан Кытайга ар жылы 10 миллиард куб метр газ жеткирип бериши керек. Өзбекстан өкмөтү экспорт кылынган газдын бир миӊ куб метрин дүйнөлүк базардагы баага негизделип 311 доллардан сатат. Газды саткандан түшкөн каражаттардын кайда жумшалгандыгы болсо жашырун бойдон кала берет. “Өзбекстан – Кытай” газ түтүгүнүн төртүнүчү линиясы ишке киришкенден кийин болсо Өзбекстан Кытайга ар жылы 25 млрд куб метр газ жеткирип берүүнү пландаштырууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here