ЖООПСУЗ СУРООЛОР

454
9

Ал-жазира телеканалынын журналисттеринин бири доктор Файсал Косим саясий сайттардан алган кээ бир суроолорду ортого таштады.

Анын суроолору төмөнкүлөрдөн турат:

  1. Эмне үчүн Гуантанамо камагында сакталып жаткан мусулмандар арасында бир да Иран шиалары жок, акыйкатта болсо, алардын “Америкага өлүм” деп кыйкырып келе жатканына отуз жыл болду?

Жооп: Эмне үчүн Гуантанамо камагына мусулмандар гана камалат же сиз айткандай сакталат? Сиз алардын арасына шиалар да кошулуп, ал жерде мусулмандардын саны дагы да көбөйүшүн каалайсызбы. “Америкага өлүм” деп кыйкырышына келсек, Саудия амирлери өз калкына жок дегенде ушуну да айттырышпайт. Акыйкатта болсо, эки мамлекеттин өкмөтү Батышка малайлык кылууда бири-биринен калышпайт.

  1. Иранга тиешелүү топтор Ирак жана Сирияда Иран мамлекетине таянып кыргын кылгандыгына карабастан, эмне үчүн Америка аларды террористтик топтордун тизмесине киргизбейт?

Жооп: Сиз Иран шиа түзүмү жөнүндө айтып жаткан болсоңуз, ал андай эмес, Иран мамлекети республикалык башкаруу түзүмүнө негизделген. АКШ жөнүндө айтып жаткан адам насранийликтин ага тиешеси жоктугун жакшы билет. Иран менен АКШ башкаруу негиздеринде бирдей түзүм менен башкарышат. Демек, алардын ортосунда башка бир кызыкчылыктарга негизделген саясий алакалар бар.

  1. Эмне үчүн Американын учкучсуз самолёттору Яманда “Ансоруш-Шария” тобунун үстүнө бомба жаадырат да, бирок, ошол жерде болгон шиа топторун бомбалабайт?
  2. Жооп: Алар менен ортолорунда өз ара жашыруун келишимдер бар болушу мүмкүн, “муътадил исламчылар”га тийбей жатканы сыяктуу эле, убагы келгенде алардан да пайдалануу максаты бардыр, же мүмкүн бүгүнкү күндө да мусулмандарды чалгытууда, же куфр түзүмдөрүнө ыраазы болушу жолунда аларды иштетип жаткандыр. Бирок, алардын шиа экендиктеринин бул маселеге тиешеси жок. Бул иштердин артында саясий кызыкчылыктар гана жатат. Шиа мазхабындагы калк менен анын диний көсөмдөрү жана өкмөтүнүн арасын ажыратып алуу керек. Ошондо АКШ бизди чалгытып жаткан багытты жокко чыгара алабыз. АКШ Саудиянын башкы окуу программаларын шиаларга каршы негизге кургузду. Анын таалимин алган топтор дүйнө жүзүндө чоң-чоң мансаптарды ээлеп бара жатышат. Өз кезегинде шиалар да так ушундай багытта сунийлерге каршы жашыруун таалим алып барышат. Бул иштердин баарынын артында ачыктан-ачык куфр турганын көрүп турабыз. Биз Ислам саясатчылары жана уламалары биргеликте бул маселени жакшылап кайрадан көрүп чыгышыбыз керек жана туура жыйынтыктарды чыгарып алышыбыз зарыл.
  1. Эмне үчүн Франция “Хизбулла” тобун террористтик топтор тизмесине киргизүүгө катуу тоскоолдук кылууда?

Жооп: Ири куфр мамлекеттери учурда эл аралык саясий кырдаал изден чыгып бара жатканын көрүп, аны реформалоодо бир нече ыкмалар менен чыгып жатышат. Бирок, алардын жалпы максаттары бир. Бул болсо, Халифалыкты талап кылып жаткан тараптарды салтанаттан мүмкүн болушунча алыс кармап туруу. Алар ушул максатка эң татыктуу жол деп билген ыкмаларын сунуштап жатышат. “Хизбулла” маселесинин да ошол реформага дал келе турган тараптары карап чыгылат. Анын “террористтер” тизмесине киргендеги кыянаты пайдаруураак болобу же тескерисинчеби? Ортодогу талкуу мына ушундай негизде жүрүп жатат.

  1. Эмне үчүн Батыш Афганистанда, Сомалиде, Малиде, Яманда, жалпысынан алганда бардык жерде сунний исламий башкарууга ээ болгон мамлекет курулушуна тиш тырмагы менен каршылык көрсөтөт да, бирок шиалыкка таандык болгон Ирандын Булуңда улуу күч-кубатка ээ болушуна тим карап турат?

Жооп: Сиз Иран шиа түзүмү жөнүндө айтып жаткан болсоңуз, ал андай эмес, Иран мамлекети республикалык башкаруу түзүмүнө негизделген. АКШ жөнүндө айтылып жатканда насронийликтин ага тиешеси жоктугун баары билет. Иран менен АКШ башкаруу негиздеринде бирдей болгон демократиялык түзүм менен башкарышат. Демек, алардын ортолорунда башка бир саясий кызыкчылыктар бар. Сиздин мусулмандарды мазхабдар аралык жаңжалдарга тартуу максатыңыз да Батыш кызыкчылыктары менен шайкеш бара жаткандай…

  1. Эмне үчүн  шиалыкка таандык болгон Иран мамлекетине кайрымдуулук иштерди ишке ашыруу аты менен Африка мамлекеттерине чейин кол созууга уруксат берилет да, сунний кайрымдуулук жамааттарына тоскоолдук кылынат?
  2. Жооп: Сиз Иран шиа түзүмү жөнүндө айтып жаткан болсоңуз, ал андай эмес, Иран мамлекети республикалык башкаруу түзүмүнө негизделген. АКШ жөнүндө айтылып жатканда насронийликтин ага тиешеси жоктугун баары билет. Иран менен АКШ башкаруу негиздеринде бирдей болгон демократиялык түзүм менен башкарышат. Демек, алардын ортолорунда башка бир саясий кызыкчылыктар бар. Сиздин мусулмандарды мазхабдар аралык жаңжалдарга тартуу максатыңыз да куду Батыштын кызыкчылыктары менен шайкеш бара жаткандай.

Дал ушул темада Шайх Арифий да өз пикирлерин билдирип, мындай дейт:

Ливиянын мурдагы президенти Муаммар Каззофий 50 миң кишини өлтүрдү. Америка аны террористтер тизмесине киргизбеди. Бүгүнкү күндө болсо Башар Асад 100 миңден ашык адамды өлтүрдү, Америка муну да террористтер тизмесине киргизбей жатат. Ал эми Башар Асаддын зулумунан мусулмандарды коргоо үчүн бел байлаган мужахиддерди болсо террористтер тизмесине киргизип койду. Бул эмнени түшүндүрөт? Бул – ким Ислам үчүн күрөшсө, демек, ал Америка жана Батыштын назарында террорист экендигин түшүндүрбөйбү?!

Мына ушул сөздөрүңүз туура. Бирок, Ислам үчүн күрөштү суннийлик үчүн болгон күрөш менен чалгытып жиберүү үммөт үчүн өтө кооптуу. Ал тургай, Ислам үчүн болгон күрөш, бул мусулмандар үчүн эле болгон күрөш эмес, ал Ислам үчүн болгон күрөш. Ислам кайрыдиндер кызыкчылыктарын көбүрөөк коргойт. Кайрыдиндер шахадат келтирбеген абалдарында Ислам мамлекетинин коргоосун алышат.

Туркистон

Кыргызстан медиа бөлүмү

 Абу Али.

9 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here