УКРАИНА ЖАНА ТҮРКМӨНСТАН АСКЕРИЙ-ТЕХНИКАЛЫК “КЫЗМАТТАШТЫКТЫ” КҮЧӨТӨТ

357
0

Украина ММКлары “Укроборонпром” мамлекеттик концернинин билдирүүсүнө таянып, Украина Түркмөнстан менен аскерий-техникалык кызматташтыкты күчөтүшү тууралуу кабар таркатышты.

Жаңы колониализмде калп эле эгемендүү мамлекеттерди кул катары пайдалануу “кызматташтык” деп атап коюлат.

Ушул күнү Ашхабадда “Укроборонпром”дун башчысы Сергей Громов менен Түркмөн коргоо министри Бегенч Гундогдыев жолугушууда. Кабарларга ылайык, Киев бронетанк жана авиация о.э. ракетага каршы коргонуу тармактарында көп кырдуу кызматташтыкты сунуш кылган.

Бул дегени Украина Түркмөнстанды өзүнүн артыкбаш куралдары үчүн базар кылып алышы дегени.

Кезектеги өкмөттөр аралык келишимдер пакетине 2013-жылы февралда кол коюлган эле. Анда  Украина президенти Виктор Янукович Түркмөнстанга мамлекеттик визит менен келген болчу.

Кол коюлган документтердин катарына “”Нефтогаз Украины” улуттук акционердик компаниясы менен “Түркмөнгаз” мамлекеттик концернинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму” кирген

Бул болсо Түркмөнстан өз элин атууга гана жарай турган куралдар үчүн Украинага текейден арзан газ берет дегени.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here