КР ТИМ пресс-кызматы журналистттер менен кезигүүсүндө төмөнкүлөрдү билдирди:
«Тараптар эң орчундуу эл аралык проблемаларга карата мамилелери дал келерин; жетишилген келишимдердин практикада ишке ашырылышына бирге умтулуп, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетишерин о.э. эл аралык жана регионалдык уюмдар алкагында активдүү диалог менен иш-аракеттерди координациялоону колдоп-кубатташарын ырасташты».
Адатта, малайлар акыйкаттарды ар түркүн айтымдар менен“тергешип”, колонизаторлор кожоюндугун жаап-жашырышып келишет. Бүгүнкү жолугушуудан мисал келтирсек, мына бул терминдер мындайча чечмеленет:
“Тараптар эң орчундуу эл аралык проблемаларга карата мамилелери дал келерин ырасташты” дегени – Эл аралык проблемаларга карата Россиянын мамилеси кандай болсо, Кыргызстан да так ошондой мамиледе болууга жана ошол негизде аракет кылууга милдеттүү дегени.
“Жетишилген келишимдердин практикада ишке ашырылышына бирге умтулушат” дегени – Кыргызстанды Россияга кул кылып бере турган бардык келишимдер сөзсүз ишке ашуусу керек жана башка тараптар менен буларга каршы келген келишимдер түзүлбөшү шарт дегени
“саясий кызматташтыкты тереңдетишет” дегени – Кыргызстанды Россияга малай акимдер башкарат дегени
“соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетишет” дегени – Кыргызстан Россияга ит арзан баада сырьё берет да, асмандаган баада Россиянын башка жакка өтпөгөн товарларын алат дегени
“маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетишет” дегени – Иламга тескери келген маданий көрүнүштөрдү, айрыкча, социалисттик жана демократиялык орус маданиятын Кыргызстан калктарына сиңдирүү дегени
inderal 20mg uk – buy plavix 150mg pill methotrexate 2.5mg pills