ФИЛИППИНДЕГИ МУСУЛМАНДАР КҮРӨШҮ

288
0

Филиппиндеги жергиликтүү ММКлардын кабар таркатышына караганда, бийлик аскерлери менен мусулман көтөрүлүшчүлөрдүн ортосунда болуп өткөн кагылышууларда эки тараптан биригип 30 адам өлгөн.

Филиппиндин түштүгүндө мусулмандар көп жана алардын жерлери пайдалуу казылмаларга бай. Бирок, буга карабастан филиппин мусулмандары абдан жарды жашашат. Бийлик башына “христиан-демократтар” олтуруп алышкан. Бул бийлик тараптан мусулмандарга карата тынымсыз душмандык жана зулумдар болуп келет. Мусулмандардын Исламга болгон умтулуулары бийлик тарабынан күч менен бастырыла бергендиктен, мусулмандар тарабынан кафир бийликке каршы каршылык кыймылдары жүзөгө келген жана алар 40 жылдан бери куралдуу күрөш жүргүзүп келет. Бул согуш башталгандан бери 150 миң кишинин өмүрүн алганы расмий булактарда айтылып жүрөт.

Бүткүл мусулмандар башын бириктирген Халифалыктын жоктугу себептүү, аалам мусулмандары ар кайсы жерде кафирлер тарабынан азапталып-кордолуп келет. Мындан кутулуунун бирден-бир жолу – мусулмандардын өз Халифалыгын кайрадан тикелеши.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here