“Имам” сөзү лугатта “жетекчи”, “башчы” деген маанилерди түшүндүрөт. Исламий истилахта имам атамасы менен, негизинен, эки тайпа адамдар аталышат.
- Ислам мамлекетинин саясий башкаруучулары. Мисалы, мамлекет башчы имам деп аталат. О.э. ал халифа, амирул-муминийн, султан деп да аталышы мүмкүн. Булардын бардыгы бирдей мааниде.
Жогорудагыларды жалпы жөнүнөн “аким-имамдар” деп атап алсак жеңилдик болот.
- Диндеги билимдан аалымдарыбыз да имамдар деп аталышат. Мисалы, имам Аъзам, имам Ахмад, имам Бухарий ж.б. Мындай имамдарыбызды жалпы жөнүнөн “аалым-имамдар” деп атап алганыбыз жөндүү болот.
Мусулмандардын аким-имамдары тууралуу Набий с.а.в.дын мындай хадиси бар:
«تَكُونُ النُّبُوَّةُ فِيكُمْ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ ثـُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا ثـُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ ثـُـمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ يَرْفَعَهَا ثـُمَّ تَكُونُ مُلْكًا عَاضًّا فَيَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ يَكُونَ ثـُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا ثـُمَّ تَكُونُ مُلْكًا جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ ثـُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ» ثـُمَّ سَكَتَ
«Пайгамбарлык силердин араңарда Алла каалаганча турат. Кийин Алла каалаганда аны көтөрөт, кийин пайгамбарлыкминхажындагы Халифалык болот жана ал да Алла каалаганча турат. Кийин Алла каалаганда аны көтөрөт. Кийин адилетсиздик кыла турган падышалык болот жана ал да Алла каалаганча турат. Кийин Алла Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин жабыр көрсөтүүчү падышалык болот жана ал да Алла каалаганча турат. Кийин, Алла каалаган убакытта аны көтөрөт. Кийин, пайгамбарлыкминхажындагы Халифалык болот». Ушундан кийин Расулулла J сүкүт сактады.
Аалым-имамдар тууралуу Набий с.а.в.дын мындай хадиси бар:
«إنَّ مَثَلَ الْعُلَمَاءِ فِى الأَرْضِ كَمَثَلِ النُّجُومِ فِى السَّمَاءِ يُهْتَدَى بِهَا فِى ظُلُمَاتِ الْبَرِّ وَالْبَحْرِ فَإِذَا انْطَمَسَتْ النُّجُومُ أَوْشَكَ أَنْ تَضِلَّ الْهُدَاةُ»
«Уламалар жерде куду асмандагы жылдыздар сыяктуу болушат. Алардын жардамында деңиз жана кургактык караңгылыгынан жолду табууга болот. Эгер жылдыздарөчүп калса, жетекчилер адашып калууга жакын болуп калышат»
Аким-имамдар жөнүндөгү хадисте келген “пайгамбарлыктан кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги халифалык болот” дегени – бул хулафаи рошидиндер халифалыгы.
Хулафаи рошидиндер доорундагы аким-имамдар менен аалым-имамдар мындай болушкан.
Уммар ибн Хаттаб р.а.: «Аллага ант, билбей калдым, мен халифамынбы же падышамынбы?» – деп сурап калды. Салман р.а.: «Сиз албетте падыша эмес, халифасыз. Себеби, калкка адилеттүүлүк кыласыз. Алардын арасында теңдик менен бөлүштүрөсүз. Аларга өз үй-бүлөңүзгө боорукердик кылгандай боорукерлик кыласыз жана Алланын Китеби менен өкүм жүргүзөсүз» – деди.
Ошондо Каъб: «Бул жыйында халифаны падышадан ажыратып ала турган менден башка бирер киши бар деп ойлобогон элем, бирок, Алла Салманды хикматтуу илимге толтурган экен…» – деди.
Аким-имамдар жөнүндө келген хадисте “Кийин адилетсиздик кыла турган падышалык болот” деп сыпатталган башкарууда да Ислам менен өкүм жүргүзүлөт. Бирок, анда халифанын өзүнөн кийин бийликти мураскоруна калтырышы, адилетсиздик кылышы, бирөөнүн малын акысыз түрдө тартып алышы сыяктуу Исламды бузуп колдонгон халифалыкка жат, падышалыкка тиешелүү көрүнүштөр кезигет. Ошондуктан да, бул башкаруу падышалык аталды. Бану Умайя жана андан кийин келген Аббасийлер о.э. Усманийлер доорлорунда жүз берген айрым абалдар ушундай падышалыкка мисал болушат.
Бул доорлордо аалым-имамдар экиге бөлүнүп калышты. Акимдерди айланчыктаган фасык аалымдар “сарай уламалары” аталышты. Алар жөнүндө азиз Расулубуз с.а.в. мындай деген:
«إِذَا رَأَيْتُمُ الْعُلَمَاءَ عَلَى أَبْوَابِ السَّلاَطِينِ فَخَافُوا عَلَى دِينِكُمْ مِنْهُمْ»
«Эгер, султандардын эшиги алдында уламалардын турганын көрсөңөр, алар себептүү диниңерге зыян жетишинен этият болгула». Пайгамбар а.с. андайларды “жамандык уламалары” деп да атаган.
Ал эми акимдер жүзүнө акыйкатты ачык айтып чыккандар болсо салафи солихтер атанышты.
Залим акимдер өздөрүнө каршы чыккандарды куугунтукка алышкан. Ал эми салафи солих уламалар акыйкатка катуу амал кылгандыктары үчүн азаптоолорго дуушар болушкан.
Имам Саид ибн Мусайяб – Абдулмалик тирүү маалында анын уулу Валидге байъат кылуудан баш тартканы үчүн – таякталган жана камакка ташталган.
Хажжаж аалым Саид ибн Жубайр менен көпкө чейин талашып-тартышты. Талкууда Саид ибн Жубайр жеңип чыккандан кийин, Хажжаж Саиддин кан тамырларын бир-бирден кесип өлтүрдү. Саид ибн Жубайр Роббисине шейит болуп жолукту. Хажжаж болсо Саид аны дубаи бад кылгандан кийин өтө жаман бир ооруга чалдыгып өлүп кетти.
Имам Абу Ханифа Нуман – Абу Жаъфар Мансур тарабынан таякталып, камакка ташталган. Бирок, Абу Ханифа бул акимдин зулумун ачык айтууну уланткан жана мындан кайтпаган.
Имам Ахмад да, имам Малик да залимдердин кыйноолоруна кабылган.
Риваят кылынышынча, Хишам ибн Абдулмалик Меккеге ажылыкка барат. Меккеге киргенден кийин, «мага сахабалардын бирин алып келгиле» дейт. «Эй момундар амири, сахабалар өтүп кетишкен», – деп айтышат. «Анда табиъиндерден алып келгиле», – дейт. Ошондо улуу аалым Тоус Яманийди алып келишет. Тоус анын алдына кирип, бут кийимин анын килеминин четине чечет жана ага «ассаламу алайкум, эй Хишам» дейт, «момундар амири» дебейт. О.э. аны лакабы менен да атабастан, алдына отурат жана «жакшысыңбы эй Хишам» дейт. Ошондо Хишам каарданып, аны өлтүрмөкчү да болот. А бирок, ага «сиз Алла жана Расулунун Харамындасыз, бул мүмкүн эмес» деп айтышат. Ошондо Хишам Тоуска «бул эмне кылганың» дейт. Тоус «эмне кылыптырмын» дейт. Хишамдын ачуусуна ачуу кошулат. Кийин: «Килемимдин четине бут кийимиңди чечтиң, колумду өпкөн жоксуң, салам бергенде мени «момундар амири» деп атабадың, лакабым менен да атабадың, уруксатымсыз жаныма отурдуң, «кандайсын эй Хишам» дедиң», – деди. Ошондо Тоус мындай дейт: Бут кийимимди килемиңдин четине чечкенимдин себеби, мен бут кийимимди күндө беш маал Роббул Иззанын алдында чечемин, а бирок Роббим мага ачууланбайт. Колумду өпкөн жоксуң, – деген сөзүңө келсек, мен момундар амири Али ибн Абу Талиб р.а.нун: «Момун кишинин бирер адамдын колун өбүүсү адал эмес. А бирок, өз аялын жана перзентин өпсө болот», – дегенин укканмын. Мага «момундар амири деген этибарда салам бербедиң» деген сөзүңө келсек, сенин амирлигиңден бардык адамдар эле ыраазы эмес. Ошондуктан, жалган айтууну жаман көрдүм. «Лакабым менен атабадың», – деген сөзүңө келсек, Алла өз анбия жана авлияларын «эй Давуд, эй Яхя, эй Иса» деп атады. Душмандарын болсо лакабы менен атады. Мисалы, «Абу Лахабдын колу курусун» дегени сыяктуу. «Жаныма отурдуң», – деген сөзүңө келсек, мен момундар амири Али р.а.нун: «Тозоку адамды көрүүнү кааласаң, өзү отуруп алган, айланасындагы коом болсо тик турган адамга карай бергин», – дегенин укканмын. Товус өз сөздөрүн Хишам ибн Абдулмаликтин талабына ылайык бир насаат менен аяктап: Мен момундар амири Али ибн Абу Талиб р.а.нун «Тозокто кумурадай жыландар, качырдай чаяндар болот, алар өз жарандарына адилеттүүлүк кылбаган ар бир амирди чагып алат» дегенин укканмын, – деди.
Аким-имамдар жөнүндө келген хадисте “Кийин жабыр көрсөтө турган падышалык болот” деп сыпатталган башкарууда бийлик басып алынып, Исламдан башка нерсе менен мажбурлоо жолу аркылуу башкарылат. Хилафатты кулаткан кылым кылмышкери Мустафа Кемел буга мисал болот. О.э. кафирлер Ислам мамлекетин “эгемендүү” мамлекетчелерге бөлүп таштап, алардын үстүнө олтургузуп коюшкан малай акимдер да мына ушулардан эсептелишет.
Усманийлер халифалыгынын акыркы доорлору “адилетсиз падышалык” болуп калган. Колонизатор кафир Батыш аны “ооруу адам” атап, ага караштуу өлкөлөрдү тартып ала баштаган.
Ошол кезде Батыш кафирлери сарай уламаларына “шайхул-Ислам” наамын бердиртип, аларга Исламды бурмалаган, Батыш баскынчылыгына ылайыкташкан фатваларды чыгартып алууга жетишишкен. Бирок, ал кездеги аалымдар арасынан акыйкатка умтулган жакшылык уламалары да чыгышкан. Мисалы, шейх Бийроний, шайхул-Ислам Мустафа Сабрий, Абул Калам Азат, мавлана Махмуд Хасан ж.б.
Алгач, Индия, Африка, айрым араб өлкөлөрү англичандар жана француздар тарабынан басып алынган.
Орто Азияны орус падышалыгы басып алган. Акыры келип Усманий халифалык бүтүндөй кулатылган жана ага караштуу бардык мусулман өлкөлөрү колонияларга айландырылган. Ушундан тартып мусулмандар аким-имамсыз калышкан.
Бул басып алынган өлкөлөргө капиталисттик система тыгыштырылып, мусулмандар капитализм зулуму астында калышкан.
Орус падышалыгы Орто Азия мусулмандары үстүнө болуш (волостной) жана ыстарчындарды (старшина) “аким-имам” кылып койду. Алар мусулмандарды капитализм системасы астында орус колонизаторлугуна кул кылып берүүгө кызмат кылышты. Болуштар капитализмге каршы чыккан аалымдардын көзүн тазалап, өздөрүнө шарияттан жол таап бере турган селде-чапанчан молдолорду “аалым-имам” кылып коюшту. Батыш идеологиясынын табиятына ылайык, мусулмандар арасында “дин кишилери” деген тайпа пайда кылынды.
Пайгамбар с.а.в. мындай деген: «…Кийин селде-чапандар пайда болот. Ал күндө риядан уялынбайт…». «Селде-чапандар» деген сөздөн көздөлгөн маани – таквага этибар бербестен, тышкы кийимдери менен гана айырмаланып алган “дин кишилери”. Адамдар алардын тышкы көрүнүшүнө катуу этибар беришет. Ал эми «селде-чапандар» болсо риядан эч уялбай коюшат.
Бирок, Орто Азия мусулмандары да капитализмге жана анын колонизаторлугуна каршы күрөшкөн имамдардан куру болбоду. Мисалы, Чыйбыл болуш жана Ийикчи эшендер сыяктуу.
Кийин орус падышалыгы Советтер өлкөсү тарабынан кулатылды. Кеңеш өкмөтү Орто Азияга социалисттик системаны тыгыштырып, мусулмандар социализм зулуму астында калды. Чыныгы аалым-имамдар атылып же айдалып кетти. Айрымдары гана жер которуп баш калкалаганга жетише алды. Ал эми саткын молдокелер болсо, Исламды кафир коммунисттер каалагандай эл ишенгис жомок кылып баяндай турган, мусулманды капкараңгы адам кылып көрсөтө турган селде-чапанчан сөлөкөттөргө айланышты.
Союз ураган соң, “эгемендүү” мусулман өлкөлөрүнө баягы капитализм дагы кайтып келди. Бул сапар демократияны беткап кылып кийип келди. Эми муфтият курамындагы селде-чапанчан сарай уламалары демократияга кызмат кыла башташты. Булардын катарын араб же башка исламий өлкөлөрдөн окуп келген “демократ аалымдарыбыз” да толтуруп жиберди.
Негизи, алар кафирлер уюму ЮНЕСКО тарабынан тыгыштырылган жана көзөмөлдөнгөн, Исламды демократияга ылайыкташтырып окуткан программалар негизинде окуп келишти.
Биринчиден, бул уламалар “демократия Исламдан”, “дин турмушка, саясатка аралашпайт”, “азыркы мамлекет башчыларыбыз аким-имамдарыбыз болуп эсептелет, аларга итаат кылуу керек” деген сыяктуу демократиялык куфр түшүнүктөрүн калк арасына сиңдирип, элди чыныгы Исламды түшүнүүдөн тосуп жатышат.
Эй бүгүнкү аалым-имамдар! Биз силерди имам Абу Ханифа, имам Ахмад, имам Маликтердей жакшылык имамдары болууга чакырабыз.
Силерди Саид Кутб, Такийиюддин Набахоний, Ахмад Даур сыяктуу акыйкатты карманган аалымдардан болушуңарга чакырабыз. О.э. сиздердин араңыздардан акыйкатка умтулган айрым аалымдарды көрүп турабыз жана аларды хикматтуу-чырайлуу талкууга чакырабыз.
Эй, бүгүнкү жабыр кылуучу акимдердин “ак үй аалымдары”, эгер акыйкатты ашкере айтып чыга албасаңар, эч болбосо, акыйкатка каршы чыкпагыла жана сүкүт сактагыла. Пайгамбар а.с. айткандай “фажырлыкты эмес, алсыздыкты тандап алгыла”.
Ар кандай дооматтарыңар менен Халифаны тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан алып келүүгө аракет кылып жаткандардын астына тикенек болбогула.
Пайгамбар а.с. айтты: “…Андан соң пайгамбарлык минхажындагы халифалык болот”.