ОРОЗО АЙТ ТҮГҮЛ КУРБАН АЙТ ДА БЕЛГИЛЕП КОЮЛДУ

381
0

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, Орозо айт 8-август, ал эми Курман айт 15-октябрь деп аныкталды.

Орозо айт жана Курман айт күндөрү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113 беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын аймагында

– 2013-жылдын 8-августу Орозо айт күнү;

– 2013-жылдын 15-октябры Курман айт күнү катары жарыялансын.

Исламда айрым ибадаттар убакытка тиешелүү болуп, алардын убактылары Аллах Таала тарабынан белгилеп коюлган жана пенделер аларды өз убагында өтөөлөрү менен сыналышат. Мисалы, 5 маал намаз убактысы, орозодо ооз бекитүү жана ифтар убактысы ж.б.у.с. Эгер бул ибадаттар ушул белгиленген убактан башка убакта аткарылса, анда аларды Аллах Таала кабылдабайт жана аларды өз убагында өтөбөгөндүгү үчүн пенде күнөөкөр болот.

Ушулар сыяктуу эле, Рамазан айынын орозосу жана Орозо айт майрамы да Расул с.а.в. көрсөтүп кеткендей, “айдын көрүнүшү” менен белгиленет. Эгер өкмөттүн токтому же муфтияттын фатвалары буга дал келбей калса, анда алардын токтом жана фатвалары эч бир кабыл алынбайт.

Өкүнүчтүүсү, колонизатор кафирлер тарабынан ар кандай “эгемендүү мамлекет”челерге бөлүп ташталган исламий өлкөлөр мына ушул амалды ар кимиси ар башкача аткарып келет. Айрым жылдары коңшулаш араб мамлекеттеринин эле ар кимиси орозону ар башка баштап, ар кыл аяктайт.

Андыктан, Хизбут-Тахрир ондогон жылдардан бери бүткүл дүйнө мусулмандарын ушул шаръий өкүмдү Аллах Таала тарабынан белгиленген убагында өтөөгө чакырып келет. Анткени, муну менен бул шаръий өкүм туура өтөлсүн жана муну менен мусулмандар биримдиги көрүнсүн.

Дүйнөлүк Хизбут-Тахрир кербени катарында Кыргызстандагы Хизбут-Тахрир да мекендеш бир туугандарыбызды  “Айды көрүп ооз бекитүүгө жана айды көрүп ооз ачууга” чакырып келет. Ушул он жылдыктар ичинен Алмазбек Атамбаев президент болордо, Чубак ажы Жалилов муфтий болуп турган чакта гана акыйкатка жандашылып, кыргызстандыктар расмий түрдө орозо шаръий өкүмүнүн өз убагында аткарылышы жөнүндөгү баяндарга жана амалдарга күбө болушту. Бирок, бул жакшы саамалык көпкө созулбады. Эми бийлик жана муфтият кайрадан эле  баягы таз кейпине түшүп калды. Быйылкы жылы орозо календарында “бир күн айырма болушу мүмкүн” деп жазылганына карабастан, муфтият алдын ала чыгарып койгон календар айдын көрүнүшүнө дал келбей калса да, бул күн кежирлик менен орозонун алгачкы күнү болуп белгиленип калды. Натыйжада, мусулмандар түшүнбөөчүлүккө түшүп, Кадыр түндөрүн тосуу убактылары жылып кетти. Эми болсо алдыда Айт күтүп турат.

Мунусу да аз келгенсип, алдыдагы айлардын жаңырышына байланыштуу белгиленчү Курбан Айтты да алдын ала белгилеп коюшканын кантесиң.

Биз бийликти жана муфтиятты үммөттү бөлүп-жаруу менен колонизатор кафирлерге кызмат кылуудан кайтарабыз жана аларды Акырет азабынан эскертебиз о.э. аларды кетирилген кемчиликтер үчүн тообо кылып, акыйкатка кайтууга чакырабыз.

Бул үчүн алгачкы кадамыңар Айтты айга карап белгилешиңер болсун!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here