“ЭКС АК ҮЙ ААЛЫМЫ” АЙТАТ

297
0

Америка куралы болгон “Азаттык” радиосу Эл аралык ислам кызматташтыгы борборунун жетекчиси, Кыргызстандын биринчи муфтийи болгон Садыкжан Камалиддин менен болуп өткөн маегин жарыялады. Анда берилген жооптордун айрымдары акылыбызды канааттандырса, көпчүлүгү акылыбызды айран калтырды. Азыр Орозо айы болгондуктан, биз орозого тиешелүү суроо-жоопторду жана өз суроолорубузду кыскача бермекчибиз.

 

 “Азаттык”: Садыкжан мырза, кыргызстандыктар муфтияттын чыгарган бүтүмү менен 9-июлда орозо тутуп баштады. Бирок айрым кишилер, дин адамдары “ай жаңырган жок” деп орозону бир күн кийин, 10-июлда башташты. …Муфтияттын өкүмүмусулмандар арасында талашка түшкөн бул маселеге кандай карайсыз?

Камалиддин: …Көп мамлекеттерде орозонун так күнү астрономия жаатындагы илимпоздор менен байланышып, заманбап аппараттардын жардамы аркылуу диний эсеп-китептерди карап аныкталат. Мисалы, ушундай жол менен Орто Азия аймагында “бул күнү ай көрүнөт экен же көрүнбөйт экен” деп такталат. Бизде алдын-ала орозонун календары чыгарылат, бирок ага да бир күнгө айырмаланышы мүмкүн деп эскертилет. Негизи бизде жаңырган ай үчүнчү күнү гана көрүнөт. Ошондуктан, ай көрүнбөгөндөн кийин биз, мусулмандар муфтияттын чыгарган фатвасына амал кылышыбыз керек. Себеби мусулмандар арасында бөлүнүп-жарылуу, карама-каршылыктар болбошу үчүн.

 

Суроо: Урматтуу Садыкжан ага, ааламды бир айылга айландырып койгон азыркы маалымат заманында, башка өлкөлөрдөгү бурадарларыбыз аркылуу айдын көрүнгөн-көрүнбөгөнү ачык-айкын дайын болуп жатса, ушунда деле, алда качан чыгып калган муфтияттын фатвасына амал кыла беришибиз керекпи?

“Мусулмандар арасында бөлүнүп-жарылуу, карама-каршылыктар болбошу үчүн дептирсиз. Негизи, айга карабай эле малай акимдердин, аалым жана аппараттардын оозун карап, Рамазандын башталышын ар башка күндөргө белгилөө – мына ушул мусулмандарды бөлүп-жаруучу ыкмалардын бири эмеспи?!

Камалиддин:Бизден да көп адамдар телефон чалып, бул боюнча сурашты. Сауд Арабиядан келип, Кыргызстанда конокто жүргөн адамдар да “сиздерде бүгүн, 9-июлда башталат экен, бизде 10-июлда экен, эмне кылсак болот” деп сурашты. Аларга да “сиздер Кыргызстанда жүрүп жатасыздар, ошондуктан, мусулмандарда айырмачылык, бөлүнүүчүлүк болбошу үчүн Кыргызстандын чыгарган фатвасына амал кылсаңыздар жакшы болот, үлгү болот” деп айттык.

Суроо: мусулмандардын Кыргызстан, Сауд Арабстаны, Индонезия, Сирия ж.б. мамлекеттерге бөлүнүүсү чыныгы бөлүнүү эмеспи? Мусулмандардын бир мамлекетке биригип, бир күндө орозо башташы фарз эмеспи? Чыныгы бөлүп-жарууга кызмат кылган муфтияттар фатваларына амал кылуу “үлгү” эсептелеби?

Камалиддин: …Ошол эле кезде азыр маалымат кылымы, маалымат доору. Ар бир адам күн сайын ар тараптан маалымат ала алат. Бул маселеде ар бир адамдын өз укугу да бар. Кыргызстан мусулмандарынын чыгарган фатвасы боюнча орозону кармайбыз десе ал жакшы, бирок “Орто Азия аймагында ай бүгүн көрүнбөйт экен, эртеңден баштап туталы” деп, башка мамлекеттерден алган маалыматтарга таянып, амал кылгандарды да биз айыптабашыбыз керек. Бул ар бир адамдын инсандык укугу.

Суроо: Кызык, муну исламий аалым айтып жатабы же анти исламий адам укуктары уюмунун кызматкериби? Орозону баштоо качантан бери шарият алкагына кирбей, “инсан укуктары” маселесине айланып калган?

Дагы бир суроо, урматтуу Садыкжан ага, эми жаамы мусулмандар бир күндө Кадыр түн тосушуна кызмат кылып, акыйкатты айтып чыгып коёсузбу?..

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here