АКАЕВ “АГЫНАН ЖАРЫЛДЫ”

352
0

Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев «Русский репортер»го 1 августта берген интервьюсунда 2005-жылкы март окуяларында болгон Кыргыз республикасы  менен АКШ ортосундагы айрым мамилелерди айтып берди.

Анын айтымында, аны Кыргызстан калкы эмес, америкалыктар кууп жиберген. «Мени эл кууган жок. Ал кезде, 2005-жылы, өлкө өнүгүү үстүндө болчу. Анын абдан жакшы имиджи бар эле. «Түстүү революция»ны америкалыктар уюштурду. Ал тургай, алар муну менден жашырышкан да жок», – деди мурунку президент.

Анын ою боюнча, АКШ ага тиш кайрап жургөн. «Алар «Манас»тагы базабыз өзүбүз каалаганча турат деп ойлошкон. А биз  Афганистандагы эл аралык терроризмге каршы күрөшүү үчүн айтылган мөөнөт — 1 жылды сурадык. Кийин мен АКШ «Манас»тан жөндөн-жөн чыгып кетпешин түшүнүп калдым да, анан Россияга Кантта аскерий база ачууну сунуш кылдым. АКШ элчиси мени менен бир жыл сүйлөшпөй койду. Бир жылдан кийин АКШ Канттагы Россия базасынын жанына АВАКС коёлу деп кайрылды. Мен дароо эле «жок» дедим. Алар коркутуп-үркүтө башташты. Ошентип, мен «диктаторго» айландым, – дейт А. Акаев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here