Мисирдеги азыркы бийликке нааразы тараптар 16-август жума күнүн “каардуу жума” аташып, өз тарапкерлерин демонстрацияларда активдүү катышууга чакырышты. Бийликтин шаршемби күнкү кылыктарына нааразы болгон калктын көпчүлүгү бул чакырыкты кабыл алышты.
Акыры келип, жума күнү кечкурун демонстранттар менен өкмөт уюштуруп койгон “элдик ыктыярдуулар”дын ортосунда кандуу кагылыштар болуп кетти.
Армия бөлүктөрү жана коопсуздук күчтөрү маанилүү жайларды коргоп калуу шылтоосу менен демонстранттарга каршы дагы ок ачты.
Исмаилия, Александрия, Фаюм, Думьят жана Суэц аймактарында да полиция участокторуна жана кошуун кордондоруна демонстранттар тарабынан кол салынгандыгы жөнүндөгү кабарлар келип түшүүдө. Жана дагы бардык тараптарда кыбтыйларга тиешелүү чиркөөлөр менен мамлекеттик имараттар өрттөлүп же талкалангандыктары кабарланууда.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, Каирде өлгөндөрдүн саны 17, жараат алгандар 182 киши болгон. Ал эми, окуя күбөлөрүнүн айтымында, курмандыктар мындан алда канча көп.
Утурумдук бийлик таркаткан билдирүүгө караганда, өкмөт менен армиянын демонстранттарга кыргын салуудан жана аларды репрессиялоодон кайра тарта турган түрү жок. Билдирүүдө “египет мамлекети, анын армиясы жана эли радикал фундаменталисттер даярдаган террористик кутумга аоёсуз каршы турат” деп, баягы эле эскирген шылтоолорун бетке кармашууда. Муну чечмелеп “Египеттин Америкага малай акимдери, аскерий чиновниктери жана партиялары жалпы элге каршы ырайымсыз күрөш жүргүзөт” деп айтууга болот.
Мындай малайларча позицияны Сауд Аравия королу Абдулла ибн Абдуль-Азиз кол чаап кубаттады. Малай малайдын сөзүн укканда колу кычышып турат эмеспи. Ал дагы Америка же Европа анын сөзүн угуп коё тургансып “Египеттин ички иштерине аралашууну токтотууну” талап кылды о.э. араб өлкөлөрүн “Каир менен катарлаш позиция карманууга жана ага тилектеш болууга” чакырды.
Келерки аптада Каирге БУУ башкатчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Жеффри Фельтман келе турган болду. Анын визитинде Египеттеги абалды стабилдештирүү боюнча БУУ иш-аракеттеринин стратегиясы аныкталмакчы. Ушул эле учурда, Евросоюз өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Египет боюнча бирдиктүү позиция белгилеп алуу үчүн шашылыш жыйын өткөргөнү жатат.