Дэмпсинин пресс-конференциясы алдында The New York Times гезити Орусия жакында Сирия бийлигине заманбап радар менен жабдылган “Яхонт” ракета системасын жөнөткөнүн жазган. Ал система кемелерге сокку уруу үчүн колдонот. Генерал Мартин Дэмпси Орусиянын Дамаск режимине кемелерге каршы ракеталарды сатышын сындап, бул – Сириядагы абалдын оорлошуна гана алып келе турганын билдирди.Ошол эле маалымат жыйынында АКШнын коргоо министри Чак Хэйгл Москваны Сирия бийлигине аскерий жардам берүү саясатын кайра карап чыгууга чакырды жана АКШ менен Орусия Жакынкы Чыгышта регионалдык согуштун алдын алууга кызыкдар деп белгиледи.
—————————————————————————————–
Албетте бул билдирүүлөр сириялыктарга каршы эл аралык, өзгөчө Россия менен АКШ тил бириктирүүсүнүн бетин жашыруунун айласы. Ал эми, бул куралдар мусулмандарды кыргын кылуу үчүн колдонулат!