ИОРДАНИЯДА МИТИНГ

403
0

Борбор калаа Амманда чогулган миңдеген киши палестиналыктарга колдоо көрсөтүү үчүн митингге чыкты.

Жума намазынан кийин борбор шаар Аммандагы Ал-Хусайн мечитинин алдында чогулган митингчилер : «Палестиналыктарга азаттык» деген чакыруу жасашты.

Палестиналыктардын «Накба» тактап айтканда апаат күнү деп атаган күндүн 65 жылдыгынан улам уюштурулган митингде Сирия жана Палестина калкына карата жасалган кыргындардын максаты ислам ааламын бөлүү экени баса белгиленди.

Митингчилер Сирияда каза болгон палестиналыктардын санындагы өсүүгө жана Сириядагы лагерлерде жашаган палестиналыктар учураган кол салууларга да көңүлдөрдү бурган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here