КЫРГЫЗСТАНДЫН АСКЕРИЙ ДОКТРИНАСЫ КАБЫЛ АЛЫНДЫ.

287
0

Алгач бул доктрина Коргоо Кеңешинин жыйынында талкууланды. Ушул жыйын журүшүндө президент А. Атамбаев Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн жаңылоо үчүн Орусиядан курал-жарак жана техника ушул жылы келе башташын айтты.

Суроо: Башка бир мамлекеттин эскирген курал-жарагына муктаж мамлекет үчүн аскерий доктринанын эмне кереги бар?

Доктрина боюнча, Жакынкы Чыгыш, Ооганстан, КРга куралдуу топтордун кириши жана терроризм сырткы коркунучтар болуп саналат.

Суроо: Орустар он тогузунчу кылымда эле басып алган, ошондон бери эзип эле келе жатат. Ушул көрүнүп турган коркунучту атабай, жок терроризмди айтуунун эмне кажети бар?

Бүгүн Орус-Кытай биргелешкен аскерий машыгуулары башталды.

Кытайлар байыртан бизге баскынчылык кылып келишкен. Орустарды го айтып өттүк.

Суроо: ушул коргоо кеңеши, ошол келе турган куралдар – тигил илгерки душмандарыбыздан бизге өч алып бере алышабы?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here