ЕГИПЕТТЕ АСКЕРИЙЛЕР ЖЫЛАН БАШЫН КЫЛТЫЙТТЫ

278
0

Окуялар тизмеги

Египет президенти Мухаммад Мурсий өткөн аптадагы билдирүүсүндө улуттук жарашуу максатын көздөгөн өз планы бар экенин жанааны карманарын айткан.О.э. ал конституциялык рефоормалар жүргүзөрүн да айтып, калкка жалынып жалбарган.

Эки күн мурун болсо коргоо министри генерал Абд-уль-Фаттах ас-Сиси, эгер тараптар 48 саат ичинде тил табыша албаса, анда аскерий кийилигишүүгө барарын о.э. аскерийлердин Египетти өнүктүрүү боюнча өз пландары бар экенин каңкуулаган.
Ошол эле учурда, аскерийлер мындай ультиматумду төңкөрүш эмес деп түшүндүрүшкөн.

АКШ президенти Обама болсо, Вашингтон Египеттегидемократиялык процесстерди колдой тургандыгын, бирок, кайсы бир партия же топтун таламын талашпасын билдирген. О.э. ал Мухаммад Мурсийден оппозициялык маанайдагы демонстранттардын талабына жооп берүүнү талап кылган.

Оппозициялидерлери да шейшембинин кечине чейин Мурсийдин отставкага кетишин талап кылышкан.
Булардын каршысында Мурсий администрациясы президент улуттук жарашуу планынкарманарын көшөрө кайталап келет.

Бул окуялар эмнеден кабар берет

Негизи, Мисирдеги мусулмандардын исламий жашоого болгон каалоолорун сооротуу үчүн “исламчыл” партияны жана анын лидери Мурсийди Америка бийлик башына алып келген. АКШ планы боюнча, бул жана мындан кийин келе турган ушуга окшош бийликтер үммөттүн исламий туйгуларын тынчтандырып, аларды Халифалыктын тикеленишинен буруп, узак доорлор бою Америкага малайлык кылышы керек эле.

Бирок, иш Америка планындай чыкпай калды. Биринчиден, мурун Мурсийди жактаган мусулмандардын көпчүлүгү анын кыянат кылып жатканын сезип калышты. Анын сыртынан Ислам атын жамынып алып, түпкүлүгүндө куфрга кулчулук кылып жатканы айкын болуп калды. Экинчиден, президент өз партиясы менен биргеликте элге берген убадаларынын өтөсүнөн чыга албады. Үчүнчүдөн, бул жердеги европа малайлары да тынч жатышкан жок. Жогорудагылар себептүү, президентти жактоочулардын санынан көрө нааразы демонстранттардын саны алда канча арбып кетти.

Ушундан улам, эгер жарандык согуш тутанып кетип, мамлекетте туруксуздук күч ала турган болсо, анда Америка алдында төмөнкүдөй кыйынчылыктар туулат. А) Мисирдеги мусулмандардын чыныгы исламий революцияга кошулуп кетиши; б) Европа таасиринин кирип келиши. Эгер мындай коркунучтар болбогондо, мисирликтер биринин этин бири жебейби, Америка буга чым этип коймок эмес.

Ошондуктан, оболу Америка Мурсийди сактап калууга аракет кылат. Бирок, мунун мүмкүнчүлүгү азайып баратат. Андыктан, Мурсийдин малайлыкка жарабай калгандыгын куду Ислам башкарууга жарабай калгандай көрсөтүү үчүн, демонстрацияларды “анти исламисттик” маанайда деп ачыктатууда. Ушул максатта бардык массалык маалымат каражаттарын ишке салууда. Бирок, эми буга мусулмандарды ишендире албайт. Ошондуктан, эгер Мурсийди сактоонун аргасы калбаса, мамлекетте башаламандык күчөп кетпеши үчүн, анда бийликке кайрадан Америкага малай аскерийлерди алып келмекчи. Ошондо мусулмандарды да, европа малайларын да курал күчү менен мыкчып турууга мүмкүнчүлүк жаралат. Американын өзүнө малай аскердик диктатураларды орнотуудагы тажрыйбасы мол.

Бирок, Алланын каалоосу менен, Американын бул планы да ишке ашпайт.

Анткени, жакында Үммөт бардык түрдөгү малайларды түкүрүп таштап, колонизаторлуктун бардык түрлөрүн түп-тамыры менен жогото турган Халифалыкты тикелейт, инша Аллах.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here