Түркия үстүнөн азыр Америка акимдик кылып турган кез. Анткени, андагы жетекчи партия Америкага малайлык кылат. Бирок, Англия да ал жердеги таасирин жоготкон эмес жана таасир талашуу күрөшүн токтоткон эмес.
Бирок, учурда жүрүп жаткан нааразылык акцияларын Англия малайлары баштаган жок. Ал табийгый түрдө келип чыкты.
Түркия калкы капитализм зулумунан тажап турган кезде, Адилет жана Өнүгүү партиясы Ислам атынан калкка жакшы жашоону убада кылып, бийликке келген эле. Бирок, ал убадалардын бири да аткарылбады. Эл дагы деле баягы эле капитализм чеңгелинде эзилип жатты.
Калк Таксим багында капиталисттерге каршы чыгышты. Бул чыгуу өлкөнүн башка аймактарындагы мазлумдарды да кайраттандырып жиберди жана алар да түрдүү акцияларды уюштура башташты.
Мына ушул жерден Британия малайлары тизгинге жабышты. Алар мына ушул толкундоолорду өз кызыкчылыктарына карай оодурууга аракеттене баштады. Эрдаган менен анын бийлигин исламчыл деп атап, ал эми бул толкундоолор болсо “исламизацияга каршы” деп айтып жатышты.
Негизи, бул толкуган элдин арасында коммунисттер да, антиглобалисттер да, мусулман жамааттарынан өкүлдөр да ж.б. көптөгөн топтордун өкүлдөрү да бар эле.
Эрдаган мусулман калктын исламий туйгуларынан пайдаланып бийликке келип алды да, бирок, бийликте Америкага малайлык кылгандан башкага жараган жок. Тескерисинче, Үммөткө көп кыянаттар жасады. Башкасын кой, Ирак менен Сирияны алалычы. Андагы калыс мусулмандарды жардамсыз таштап койду, анысы аз келгенсип, ар түрдүү фитналар аркылуу аларга душмандык кылды.
Ушундан улам, Хизбут-Тахрир Эрдаганга бир нече кайрылууларды жолдогон. Аны бул дүйнө кордугунан жана Акырет азаптарынан эскерткен. Бирок, ал Аллага, Пайгамбарына, момундарга кыянат кылуусун таштаган жок. Кыскасы, эси барында этегин жаппады… эми эртеңи караңгы болуп турат, Акыретин го айтпай эле коёлу.
Түркиядагы толкундоолор мындан ары дагы да күчөшү күтүлөт. Ал табийгый түрдө да, башка күчтөрдүн көкүтүүсү менен да күчөп бара берет. Акыры келип ал, Аллахтын каалоосу менен, Сирия ынкылабынын Түркияга жайылышына жай даярдап берет, инша Аллах.
Азамат Салам