ТАЛИБДЕР АМЕРИКАГА ДАГЫ “ЧАКТЫРУУДА”

365
0

Советтер Союзу Афганистандан чыгып кеткенден кийин, ал жерде Америкага малай бир бийлик керек болуп калды. Алар Талибанды тандап алышты.

Ошондо талибандар Америка казган аңды саясий көрөгөчтүк менен көрө албастан, АКШ менен келишүүгө кетишкен.

Негизи, Америка да Талибанды Пакистан бийлиги сыяктуу жакшы малай болуп берет деп ойлогон. Бирок, андай болуп чыкпады. Ал Америка буйруктарын кыңк этпей аткаруудан баш тартты. Ушундан улам, регион үчүн түзүлгөн Америка планы кыйроо коркунучу астында калды. Эми кайра Талибанды жоготуу зарыл болуп калды.

Ушунун алкагында 11-сентябрь окуялары уюштурулуп, “Аль-Коида” жомогу жаратылды. Натыйжада Талибан кулатылып, Карзай бийлиги тикеленди. Бирок, талибандар жана башка мусулмандар каармандык менен каршылык күрөшүн улантып жатышты.

Афганистанды басып алганына эрдемсиген Америка, али ал жерде согуш уланып жатканына карабастан, кийин Иракка каршы согуш ачты. Иракты да басып алды. Ал жерде да малай өкмөт тикеледи. Бирок, андагы мусулмандар да алиге дейре каршылык күрөштөрүн токтотушкан жок. Баскынчы кафирлер мусулмандар колу менен кор болгонго чейин токтобойт дагы, инша Аллах.

Афганистан менен Ирактагы каршылыктар Американы алсыратып койду. Мунун айынан ал Ливиядагы аскерий аралашууга оңдуу катыша албады. Сирияга түздөн-түз кирип барууга да батына албады. Ошондуктан, эми ал Талибан менен келишүүгө умтула баштады.

Ал эми талибандардын да мындай келишүүгө ыктап бара жатышкандыгы көрүнүп турат.

Катарда алардын кеңсеси ачылды.

Биз бул бир туугандарыбыздын “бир тешиктен эки жолу чактырбашын” каалар элек.

Доор Аскер

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here