БУУ ДОКЛАДЫ: АФГАНИСТАН ДҮЙНӨЛҮК НЕГИЗГИ ОПИУМ ИШТЕП ЧЫГАРУУЧУ

284
0

CA-NEWS (CA) – БУУ Башкармалыгынын 2012-жылга карата кылмыштардын алдын алуу жана наркотиканы көзөмөлдөө жөнүндөгү баяндамасында: «Афганистан дүйнөлүк негизги опиум иштеп чыгаруучу бойдон калууда», – деп айтылат. Былтыркы жыл боюнча Афганистандын дүйнөлүк опиум иштеп чыгаруудагы үлүшү 75%га жеткен. 2013-жылы бул көрсөткүч 15%га өсүүсү божомол кылынууда.

Афганистанда опиум эгүү жана опиумду иштеп чыгаруу ишине бир миллиондон ашуун адам тартылган. Бул наркотиктердин ири бөлүгү Гилменд провинциясынын түштүгүндө иштеп чыгарылат. Ушул региондо опиум эгүүгө каршы күрөшкө жооптуу болгон Великобританиянын аскерий бөлүктөрү жайгашкан. Ушуга байланыштуу Ирандын улуттук коопсуздук боюнча парламенттик комиссиянын башчысы  Алаудин Баружарди «Афганистанда опиум магын эгүүгө каршы күрөш Британия аскерийлерине жүктөлгөндөн кийин наркотикаларды иштеп чыгаруу 8 миң тоннага жетти, ал эми, талибдер бийликте турганда бул көрсөткүч 200дөн 2 миң тонна тегерегинде болгон» деп баса белгиледи. Наркотикаларды көзөмөлдөө боюнча БУУ Башкармалыгынын өкүлү Мартин Райтельхубер мындай билдирүү берди: «Учурда опиум эгин талаалары талибдер доорунан кыйла көп экенин четке кага албайбыз».

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here