Маалымат булактарында Кытайдын Синцзянь автономиялуу республикасында 26-июнь күнү болуп өткөн кандуу кагылышуулар туурасындагы кабарлар тизмеги таркатылып жатат. Ар бир тарап маалыматтарды өз кызыкчылыктары үчүн бурмалагандыктары көрүнүп тургандыктан, биз айрым акыйкаттарды ачып берүүгө аракет кылдык.
Кытайдын маалымат каражаттары бул жердеги башаламандыктарды баштагандарды “мусулман террористтер”, же “уйгур сепаратисттер” деп атап жатышат. Ал Америка тарап болсо аларды “эркиндикке умтулган уйгурлар” деп аташууда.
Башка тараптар болсо негизинен ушул эки тараптын берген маалыматтарына таянып кабарлар таркатышууда. Негизи, акыйкат кандай эле?
Акыйкатты аныктап алууда тарыхый чындыктардын орду чоң эмеспи, анда эмесе тарыхка бир кылчайып көрөлү.
Чыгыш Түркстан (уйг. Шаркий Tуркистан, кит. 東突厥斯坦) азыр Кытайдын курамына кирет жана ал колониалдык «Синьцзян»(жаңы чегара) деген аталыш менен аталат.
Ислам азыркы Чыгыш Түркстан аймагына IX кылымдын акырында имам Абу Муслим колу менен кирип келген. Ошондо буга чейин баскынчылык кылып келген Кытай ийнине киргизе куулган жана ал туурасындагы даңазалуу бир акыйкат ташка тамга баскандай тарыхта калган.
Абу Муслим ошондо бул өлкөнүн топурагын тебелемейинче кетпеймин деп, өзүнө-өзү сөз берет. Кытай императору болсо мусулман мужахиддерге кытай төбөлдөрүнүн кыздарын, алтын-күмүштөрдү жана бир түйүнчөк кытай ордосунун топурагын берип жиберет. Алтын-күмүштөр – жизя, кыздар – тартуу, ал эми топурак болсо имамдын убадасы үчүн берилген. Император мусулман элчиге “Башчыңыз ушул топуракты тебелеш менен биздин топуракты тебелеген болот да, муну менен убадасын аткарган болот” деген…
10-кылымдын ортосунда Карахан вилаяты Исламды андан ары жаюу үчүн Юйтянь княздыгына жихад жарыялаган. Натыйжада, Ислам бүткүл Хотанга жайылган. XIV кылымдын ортосунда Чагатай хандыгы жихадды уланткан.
XVIII кылымдын акырларына чейин Ислам чырайлуу колдонулган жана бул убакка келип Цинь династиясынын жортуулу башталган. Юсуф кожо башчылыгында мусулмандар буга каршы жихад кылышкан. Кубат бий шейит кеткен.
Цинь 1759-жылы бул өлкөнү басып алган жана аны Синьцзян атаган. 18-кылымда баскынчылыкка каршы жихад уланган. Жахангир кожо шейит болгон.
Өкүнүчтүүсү, ал кезде Исламий Мамлекет Усманий Халифалык Исламды суз колдонуп, алсызданып калгандыктан, Чыгыш Түркстанды кытай баскынчыларынан коргоп кала албаган.
Ошондон бери ал жерде тынымсыз кытайларга каршы козголоңдор көтөрүлүп келет.
XX кылымда Чыгыш Түркстан аймагында кыска убакытка эки ирет мамлекет курулган.
1933-34-жж Чыгыш Түркстан Ислам Республикасы курулган. Мында англичандар мусулмандардын исламий туйгуларынан Кытайга каршы саясаттарында пайдаланышкан. Бул Республикада чыныгы Исламга тиешелүү эч нерсе болбогон.
1944-жылдан 1949-жылга чейин Чыгыш Түркстан Революциялык Республикасы курулган. Мунун демөөрчүсү советтер союзу болгон.
Кафирлердин басып алганына көп болгонуна карабастан, жакынкы жылдарга чейин Чыгыш Түркстанда кытай улутундагы мушриктер жашабаган. Ал жерде уйгур, казак, кыргыз ж.б. улуттардагы жалаң гана мусулмандар жашашкан. Эң көбү уйгур улутундагылар эле.
Акыркы жылдары социалисттик кытай бийлиги тарабынан бул аймак кытайлаштыруу саясатына тушукту. Регионго хань кытайлары массалык түрдө атайын көчүрүлүп келе баштады.
2010-жылга карата Синьцзянда 8 345 622 киши уйгур улутунда болсо, кытайлардын саны 7 489 919 кишини түзүп калган.
Бирок, кытай бийлиги ойлогондой болбоду. Мусулмандар менен мушриктер ортосунда эч бир өз ара сиңишүү жүз бербеди. Буга жаалданган кытайлар атайын провакациялык аракеттерди жасашып, уйгур улутундагы мусулмандардын кыжырына тийишет. Ошондуктан, мусулмандар менен мушриктер ортосунда кандуу кагылышуулар жүз берип турат. Мына ошондо кытай бийлиги мунун шылтоосу менен мусулмандарды репрессия кылат. Бул адатка да айланып калды.
Мындай зулумга ууккан мусулмандар туйгусунан акыркы жылдары америкалыктар да пайдалана баштады. Алар “Кытайдан бөлүнүп чыгып эгемендүү уйгур мамлекетин кургула” деген идея менен уйгур мусулмандарын Кытайга каршы тукуруп, козголоңдор уюштурушууда. Америка мындай козголоңдорду Кытайга каршы саясатындагы бир ыкма катары колдонууда.
Негизи, нажас мушриктердин ыпластыгынан тажаган мусулмандардын аларга каршы көтөрүлүшү табийгый. Бирок, урматтуу бир туугандар, биз ар кимдин саясатына алданып калбай, аң-сезимдүү түрдө исламий революция жасашыбыз керек. Бул иш Халифалыкты тикелөө менен болот. Бул Халифалык бүткүл Ислам Үммөтүн өз кучагына жана камкордугуна алат.