ХАМИД КАРЗАЙ: ЦРУ АКЧА БЕРҮҮНҮ УЛАНТАТ

293
0

Афган президенти анын өкмөтү АКШнын разведкасынан финансылык жардам алып жатканын моюнга алды

Карзай ЦРУ өкүлү менен жолугушканын маалымат каражаттарына айтып: “Мен андан бул каражаттардын жөнөтүлүшүн токтотпоону сурандым, себеби биз чынында эле бул каражаттарга муктажбыз”, – деди.

Президент Карзай афган өкмөтү ЦРУдан он жылдан ашуун убакыттан бери айлык финансылык көмөк катары акчалай жардам алып келе жатканын тастыктады.

New York Times билдиришинче, ЦРУ Афганистан президенти Хамид Карзайдын кеңсесине накталай ондогон миллион долларларды жөнөткөн.

Карзай анын өкмөтү бул акчаларды алганын ырастады: “АКШдан келген бул акчалар биздин Улуттук коопсуздук башкармалыгыбызга берилет”.

Ошол эле учурда, Афганистан менен Пакистан ортосунда, өзгөчө чегара маселелеринен улам эки мамлекеттин алакалары курчуп барууда.

Жакында афган жана пакистан чегарачылары ортосунда беш саатка созулган атышуу болуп өткөн. Акыбетте, бир афган сакчысы өлтүрүлүп, эки пакистан чегарачысы жарадар болгон. Жада калса Карзай «Талибан» кыймылындагы каршылаштарына кайрылып, куралды «Афганистан душманы» Пакистанга каратууга чакырды.

Афганистан калкы да, Пакистан калкы да мусулмандар. Ал эми алардын режимдери – кафирге малай саткындар. Алар колонизатор кожоюндары “ыргыткан сөөктөр”дү мүлжүп жашашат. Бул малайлар мусулмандарды чыныгы душман болгон кафирлерге каршы күрөшүүгө чакырбастан, кайра бир  тууган мусулмандарга каршы тукурушат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here