БИШКЕК КӨЧӨЛӨРҮНДӨ ЖОХАР ЦАРНАЕВ ҮЧҮН ДУБА КЫЛУУ ЧАКЫРЫГЫ МЕНЕН БАРАКЧАЛАР ПАЙДА БОЛДУ

398
0

Бишкек көчөлөрүндө Бостондогу террактка айыпталып жаткан Жохар Царнаев үчүн дуба кылуу чакырыгы менен баракчалар пайда болду.

Баракчалар түркүктөрдө жана аялдамаларда илинген.

Анда Царнаевди күнөөсүз деп атап, ал үчүн дуба кылуу чакырыгы бар. “Биз сиздерди көңүлкош болбоого чакырабыз, анткени канчалык көп адам чындыкты билсе, ошончолук акыйкатка жетүү мүмкүндүгү бар», – деп жазылган белгисиз адамдардын кайрылуусунда.

Эскертсек, 5-апрелде Бостондо эл аралык марафон учурунда бир нече жардыруу болгон, анда 3 адам каза болуп, 180 ашуун адам жаракат алган.

Жумага караган түнү шектүү Тамерлан Царнаев полиция менен атышууда өлтүрүлүп, экинчиси жашырынган. Учурда Жохар Царнаев колго түшкөн.

Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде айрым маалымат булактар Царнаевдер Кыргызстанда жашагандыгы тууралуу жазып чыгышкан.

КР МУКК маалыматына ылайык, Царнаевдер Токмок шаарында жашаган жана 12 жыл мурда Дагестан Республикасына кетип, андан соң АКШга эмиграцияланган. Алар республикадан чыгып кеткенде, бир туугандар 15 жана 8 жашта болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here