2005-жылдан берки геологиялык-изилдөөлөрдүн натыйжасында Баткендин Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүнө караштуу аймакта австралиялык “Манас ресоурс” компаниясы Шамбесай жана Абдилла тоодон алтын кенин табышкан.
Компания 2012-жылдын соңунда Шамбесай алтын кенин иштетүүгө лицензия алып, андан кийин “Зет эксплорер” аттуу жабык акционердик коомун түзүп, Шамбесайда тоо-кен комбинатын курууну пландаштыра баштаган. Жергиликтүү калктан түзүлгөн “Таза Исфайрам” коому бул иш чарага каршы чыгышууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминовдун маалыматы боюнча, Шамбесайда алтындын кору 40 тоннадан көп болгондуктан, комбинат куруу зарылдыгы келип чыккан. Комбинат курулса Исфайрам дарыясына уу калдыктар түшүү коркунучу пайда болот.
Кыргызстан геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Ишимбай Чунуев 40 тонна алтын бар дегенди төгүндөйт. Анын маалыматы боюнча, Шамбесай кенинде 9 тоннага жакын алтын бардыгы аныкталган.
Туркистон:
Капитализм келери менен үммөт мүлкү малай акимдер жардамында империалист өлкөлөргө ташылып, колонизаторлордун манчыркап жашоосуна кызмат кылууда. Ишенбесеңер, Кумтөрдү карагылачы, баштапкы келишимден бери канча алтын казылды да, канчасына Кыргызстан ээлик кыла алды. Кудай үммөткө жалпы мүлк кылып берген байлыкты жеке адамдар же мамлекет энчилеп алууга эч кандай акысы жок. Эй Үммөт, акыңарды албайсыңарбы!