Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиршинче, бүгүн Фучик паркында Чернобыл апаатынын 27 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт. Ушундай эле иш-чара Ош шаарында да уюштурулмкчы.
1986-жылдын 26-апрелинде Украинадагы Чернобыл АЭСда болгон жарылуу айлана-чөйрөгө оор зыян келтирип, Чернобылды тазалоого 3 000ден ашуун кыргызстандык “черныйлар” барган. Кыргызстандан Чернобылды тазалоого катышкан кишилерден азыр 1600 адам тирүү. Алардын бир жарым миңдей балдары да дарыгерлердин каттоосунда турат.
Ал эми өлгөндөрдүн 600 чактысы радиацияга байланышкан оорулар айынан 50 жашка жетпей каза болгон.