Чавушоглу: АКШнын Сирия маселесинде биз менен мындан да жакыныраак кызматташуу ниети бар

127
0

Чавушоглу: АКШнын Сирия маселесинде биз менен мындан да жакыныраак кызматташуу ниети бар

АКШ менен Түркия ортосундагы достук көптөгөн тармактарда союздаштык менен уланууда. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу “ТРТ Хабар” телеканалынын атайын программасында билдирди.

Чавушоглу жалпысынан: “Президентибиздин НАТО саммитинде Байден мырза менен жолугушуусу өтө маанилүү. Ортодо маанилүү маселелер бар… АКШ админстрациясынын көптөгөн тармактарда Түркия менен иштешүү каалоосу бар экендигин көрүп жатабыз … Сирия маселесинде да АКШ биз менен жакындан мамиле кылуу ниетинде. Аларды Ливия да көбүрөөк кызыктырууда. Алар биз менен Ливия жана Сирияда эле эмес, Жер Ортолук деңизинен Кара деңиз жана Кавказга чейин көптөгөн тармактарда да кызматташууга даяр экендигин көрүп турабыз.. Президентибиздин Байден менен жолугушуусу ар тараптан пайдалуу болушуна ишенебиз”, – деди .

О.э. Мевлүт Чавушоглу АКШ күчтөрү Афганистандан чыгып кеткенден кийин учурда Пентагонго караштуу болгон Кабулдагы аэропорттун коопсуздугун камсыздоо милдетин моюнга алуу боюнча Түркия менен АКШ ортосунда сүйлөшүүлөр башталганын кошумчалады.

Комментарий: Түркиянын бул аракеттери, 14-июнда Брюсселде боло турган Байден-Эрдоган жолугушуусунун алдында Вашингтонду ыраазы кылуу аракеттеринен болуп эсептелет. Себеби, Түркия өкмөтү учурда Американын саясатына кызмат кылууда алдыңкы орунду эч кимге бербей келет. Айрыкча, Американын Сирия саясатында Эрдоган өкмөтүнүн кызматы теңдешсиз. Муну АКШ расмийлери да моюнга алып, бир нече жолу билдирүү беришкен.

Белгилүү болгондой, Сирия козголоңу – Мисир, Ливия жана Тунис козголоңдорунан айырмалуу түрдө – Америка жана бардык куфр дүйнөсүнө аябай чоң коркунуч туудурду. Себеби, Сирияда козголоңчулар Аллахтын шариятын колдонууну олуттуу талап кылышты. Ошондуктан, Америка Сирия козголоңун толук бастыруу максатында бардык куралдарын о.э. Россия, Иран жана Түркия сыяктуу мамлекеттерди ишке салууга мажбур болду. Чындыгында, Эрдоган бул жаатта АКШга астейдил кызмат кылды.

Мисалы, Эрдоган Түркиянын тыңчылык кызматтары аркылуу АКШ кызыкчылыгына аябай кызмат кылды. Эгер Эрдогандын тыңчылык мекемелери болбогондо, Америка тыңчылары сириялыктар менен мамиле орното алмак эмес. Түркия жана Американын тыңчылары кызматташтыгында пайда кылынган комитеттер Сириядагы оппозициялык топторду азгыра алышты. Ал топтор Түркия аркылуу берилген каржылык жардам себептүү Түркиянын буйруктарын кың дебей аткара турган болуп калышты. Түркияга көз каранды болбогон топтор болсо террорчуга чыгарылды.

О.э. Асад режими кулайын деп калганда Халабды (Алеппо) Асадга тапшыруу аркылуу режимди сактап калууда да Түркиянын салымы чоң болду. Калыс оппозициячыл топтор Халабдын чыгышындагы курчоону жарып өтүү үчүн катуу согушуп жаткан учурда Америка Эрдогандан өзүнө караштуу топторду ал жерден чыгарып кетүүнү талап кылды. Эрдоган дароо өзүнө көз каранды топторду т.а. Түркиядан каражат алып жаткан топторду ИШИМге каршы “Ефрат калканы” операциясына катышуу шылтоосунда Халабдын айланасынан Жараблустагы Түркия тоолоруна алып кетти. Натыйжада коргоосуз калган Халабды Асаддын канкор желдеттери ээлеп алды. Ошол кезде т.а. 2016-жылдын 16-декабрында АКШ президенти Барак Обама “Твиттер”деги  баракчасы аркылуу Эрдогандын ортомчулугуна ыраазы экендигин билдирди.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жогорудагы билдирүүлөрү аркылуу о.э. Ливия жана Афганистан маселесин сөз кылуу менен “Түркия өкмөтү АКШнын кызматына дайым даяр” экендигине ишара кылууда. Бүгүнкү күндөгү Ислам өлкөлөрүнүн башчыларынан мындан башка эмне күтүлмөк эле?

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here