80 жаштагыкарыя экстремизм менен соттолду

264
0

80 жаштагыкарыя экстремизм менен соттолду

Тажикстанда 80 жаштагы Дониер Набиев экстремизм менен айыпталып, жети жылга түрмөгө кесилди. Иш жабык каралып, бир топко чейин өкүм тууралуу маалымат ачыкка чыкпай жатты. Набиевдин адвокаты жогорку сотко апелляция бергенин, улгайган жашына жана кургак учукка кабылганын эске алууну өтүнгөнүн билдирди.

Набиевдин иниси Асомиддин Набиев агасы адамдарга жардам берип жүргөнүн гана билдирди. Буга чейин карыя Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» абакта отурган мүчөлөрүнүн жакындарына тамак-ашка анда-санда акча берип келгени маалымдалган.

Жогоруда аталган партия бир кездерде Тажикстанда ачык эле иш алып барып, а түгүл партиянын мүчөлөрү парламентте мандатка ээ болушкан. Ал Батыш кафирлери ойлоп тапкан “мээлүүн ислам” долбоору алкагында иш алып барат. “Мээлүүн ислам” – чыныгы исламий кыймыл болбосо да – эл аралык саясатка ылайык, айрым өлкөлөрдө ийгиликтүү иш алып барса, айрым өлкөлөрдө катуу куугунтукка учурайт. Тажикстан бул партиянын ишмердүүлүгүнө тыюу салгандан кийин,алардын катарында Рахмондун зулумдугунан шейит кеткендер, абактарга суроо-сопкутсуз ташталгандар көбөйүүдө. 80 жаштагы карыянын камалышы да залим диктатор Эмомали Рахмондун кезектеги жийиркеничтүү иши экендиги анык.

Тажикстан да Россиянын аркасынан ээрчип, коопсуздук маселесин бардык тармактардан үстөм коюу стратегиясы менен иш алып барып келет. Түпкүлүгүндө, терроризм, экстремизм терминдерин Исламга каршы күрөшүү үчүн Америка ойлоп тапкан. А бирок, бул атамаларды Россия өз кызыкчылыгы жолунда иштетип, аймакта жасалма теракттарды уюштуруу менен өзүнүн позициясын бекемдеп келет. Ал эми Рахмонго окшогон малай акимдер өзүнүн бийлигин сактап калуу үчүн оң-сол дебей өзүнө каршы күчтөрдү экстремизм менен айыптап абактарга таштап жатат. Муну менен эле чектелбей, Рахмон Исламдын мусулмандар жашоосундагы ар бир көрүнүшүнө каршы күрөшүп жатат. Ал Тажикстан мусулмандарынын Исламга тез ылдамдык менен кайтып жатканынан кооптонууда. Ошондуктан, Ислам жана мусулмандарга каршы токтом жана мыйзамдарды иштеп чыгуу менен аларды Исламдан алыстатууга бар күчүн жумшап келет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here